2022-жылдын 8 айында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 99 млрд 961,4 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Белгиленген план 1 млрд 445,5 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33 млрд 829,4 млн сомго көп салык жыйналган. Салык кызматы тарабынан башкарылуучу мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин негизги үлүшү жыйымдардын жалпы көлөмүнүн 32% өлчөмүндө кошумча нарк […]Читать далее
2022-жылдын январь-август айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 99 млрд 961,4 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалымат боюнча, белгиленген план 1 млрд 445,5 млн сомго ашыгы менен чогултулду (аткаруу 101,5 %). 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 33 млрд 829,4 млн сомго көп жыйналган же өсүү ыргагы 151,2 %ды түздү. […]Читать далее
Экономика жана коммерция министрлиги ишкерлер үчүн беш колдонмо иштеп чыкты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Алар: – “Санариптик көчмөн” статусу; – Кыргызстанда бизнести каттоо; – Кыргызстанда салык салуу; – ИТБ – Ишкерлерди тейлөө борбору; – Кыргызстанда салыктык отчеттуулук. “Колдонмолордун ар бири юридикалык жактардын ар кандай түрлөрүн каттоо, калкты тейлөө борборлорунун жана ишкерлерди тейлөө […]Читать далее
Министрлер кабинети “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине жана Теңгиз Бөлтүрүккө “Кумтөр Голд Компани” ЖАКында тышкы башкаруу учурунда өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу отчетту эки жума ичинде берүүнү тапшырды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Эскерте кетсек, өткөн аптада Акылбек Жапаров жана анын орун басары Камчыбек Ташиев Кумтөр кенине барышкан. Анда Акылбек Жапаров кеңешме […]Читать далее
2022-жылдын 1-августуна карата 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын 531 миң 918 салык төлөөчү тапшырды, анын ичинен 352 миң 548 декларация электрондук түрдө. Декларацияны 54 миң 302 уюм, 201 миң 325 жеке ишкер, 168 миң 853 жеке жак, 48 миң 591 салык салынуучу кирешелери жок жеке жак тапшырды. Ошондой эле 58 миң 847 мамлекеттик жана […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чолпон-Атадагы КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн “Келечек” I Жаштар форумунун ачылышына катышты. Бүгүн, 25-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын утурлай КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форумунун ачылышы өттү. Иш-чарага Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович дагы катышты. Акылбек Жапаров иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөп, КМШ жана ЕАЭБ жаштарынын күн тартиби евразиялык […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн банк секторунун өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү. Анда экономиканы өнүктүрүү маселеси жана тармактын көйгөйлөрү талкууланды. Министрлер Кабинетинин башчысы банкирлерди өлкө жарандарынын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн тышкы жана ички рыноктордон инвестиция тартуу максатында мамлекет менен биргеликте иш алып барууга чакырып, ошондой эле банк секторуна алдыңкы жогорку технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 7 айына карата ата мекендик айыл чарба продукциясынын экспорту – 307 миң 879 тоннаны түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бул өткөн жылга салыштырмалуу 76 миң 276 тоннага аз, 2021-жылдын ушул мезгилинде 384 миң 155 тонна экспорттолгон. 2022-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын карантинге алынган продукциянын экспортунун […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматына кабарлашты. Жолугушууда экономика, энергетика, саламаттыкты сактоо, санариптештирүү, суу жана жер ресурстары тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл […]Читать далее
Баткен облусунда “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоору боюнча 93 ишкерге 66 млн сомго жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган долбоордун максаты Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат. Долбоордун алкагында 2022-жылдын […]Читать далее