Министрлер Кабинетинин чечими менен Кыргыз Республикасынан ЕАЭБ ТЭИ ТН 7204 коду менен классификациялануучу кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө тыюу салынды. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине расмий жарыялангандан тартып жети күн өткөн соң күчүнө кире […]Читать далее
4-августта Кыргызстандын Азербайжандагы Элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын Экономика министринин орун басары Сахиб Маммадов менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык чөйрөдөгү кызматташуунун учурдагы абалы, ошондой эле келечеги талкууланды. Тактап айтканда, тараптар өкмөттөр аралык комиссиянын ушул айда Баку шаарында өткөрүлүшү пландалган 4-жыйынына даярдык көрүү жана өткөрүү маселелерин талкуулашты. Экономика министри өлкөлөрдүн ортосунда экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы январь-июль айларында 27 млрд 819,6 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. План 2,5 %га же 679,6 млн сомго ашыгы менен аткарылды. МСКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 6 млрд 102,2 млн сомго көп чогултулду (өсүү ыргагы 128,1%).Читать далее
Кыргызстанда ушул жылдын 6 айында контролдук-кассалык машиналарды колдонгон компаниялардын соодадан түшкөн каражаты 698,1 млрд сомду түздү. Мамлекеттик салык кызматынан билдиргендей, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 351,8 млрд сомго көп. Өсүү темпи 201,6 %ды түздү. Белгилей кетсек, 2022-жылдын башынан бери жыйырма миңден ашуун субъекттер контролдук-кассалык машиналар менен иштөөгө өтүштү. Жалпысынан бүгүнкү күндө өлкө боюнча 52 […]Читать далее
“Кыргызиндустрия” ААКсынын президенти Жарасул Абдураимов экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин Татарстандын “Соода-өнөр жай палатасы” бирлигинин төрагасы Шамиль Агеев жана Башкортостандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Тимур Хакимов жетектеген бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен болгон жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу “Кыргызиндустрия” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуу Татарстан жана Башкортостандын делегацияларынын 1-8-августта Ысык-Көлдө өтүүчү бизнес-миссиясынын алкагында […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Татарстан Республикасынын “Соода-өнөр жай палатасы” бирлигинин төрагасы Шамиль Агеев жана Башкортостан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Тимур Хакимов менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирет. Ошондой эле жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Эмил Жамгырчиев, Аида Исатбек кызы жана Татарстан менен Башкортостандан келген ишкерлер катышты. […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет. Бул чечимдин негизги максаты – өлкөнүн мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн материалдык жактан кызыктыруу жана шарттарды түзүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу […]Читать далее
2022-жылдын январь-июль айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 85 млрд 988,9 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Белгиленген план 1 млрд 349,4 млн сомго ашыгы менен чогултулган (101,6%га аткарылды). 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 30 млрд 442,1 млн сомго көп жыйналган (өсүү ыргагы 154,8%). Салык боюнча пландык көрсөткүчтөрдү ашыкча аткарууга салыктык […]Читать далее
2022-жылы унаа жолдорун оңдоого 7 млрд 582,3 млн сом каралган. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, жогорудагы сумманын ичинен “Мамлекеттик капиталдык салымдар” беренеси боюнча 2022-жылга 4 млрд 600 млн сом суммасында каражат каралган. “2022-жылдын алты айында жол тармагын каржылоонун жалпы суммасы 4 млрд 142,3 млн сомду түздү. […]Читать далее
Министрлер кабинети Centerra Gold Inc. акционерлеринин 2022-жылдын 25-июлунда өткөн кезексиз жыйналышынын Кумтөр алтын кени боюнча өз ара дооматтарды глобалдык жөнгө салуу жөнүндө Кыргызстан менен макулдашуунун шарттарын бекитүү боюнча чечимин колдоого алат. Макулдашууну аткаруу алгоритмине ылайык, Кумтөрдү кыргыз тараптын толук контролуна өткөрүп берүүнү тариздөө жол-жобосун аяктоо боюнча бир нече техникалык жол-жоболор калды. Президент Садыр Жапаров 4-апрелдеги […]Читать далее