МБК 2023-жылдын июнь айында 9,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. План 106,1%га аткарылды. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы маалымдады. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын июнь айында республикалык бюджетке иш жүзүндө 9,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 106,1%га […]Читать далее
Алкоголдук продукциядан түшкөн киреше өткөн жылга салыштырмалуу 299%га көбөйдү. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмалары жана жеке көзөмөлүнүн натыйжасында – ар бир тармакта өсүү темпи сезилип, кирешелер мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбөйүп жатат. Алкоголдук продукциядан түшкөн киреше төмөндөгүдөй көрсөткүчтөргө жетти. 2023- жылдын январь-май айларында 22 миллион 895 миң литр алкоголдук продукция өндүрүлгөн, бул мурунку жылга салыштырмалуу 9 миллион […]Читать далее
Бүгүн, 27-июнда, Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев видеоконференция форматында Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун Кеңешинин 17-жыйынына катышты. РКӨФнын кеңешинин отурумунун күн тартибинде төмөнкүдөй бир катар маселелер каралды: РКӨФнын 2023-2027-жылдарга стратегиясы; РКӨФнын 2022-жылга жылдык отчету; Кредиттик портфелдин сапаты жана РКӨФнын көйгөйлүү активдери жөнүндө отчет, ж.б., Белгилей кетсек, 2015-жылы Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду түзүлгөндөн бери Фонд жалпы суммасы 517,8 млн […]Читать далее
“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасына 1 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлиги маалымдады. “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасына дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алууну камсыз кылуу максатында КР Финансы министрлиги тарабынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-июнундагы 361-р тескемесине негизинде, КР Саламаттык сактоо министрлигине 1 млрд сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө толугу менен каржыланды.Читать далее
2023-жылдын январь-май айларында «Саламаттык сактоо» бөлүмү боюнча бюджеттик каражаттардын аткарылышы 10,6 млрд сомду же такталган жылдык пландын 36,9%ын түздү. КР Саламаттык сактоо министрлигинин бюджеттик каражаттар боюнча аткарылуу такталган жылдык планга карата 1,7 млрд сомду же 36,0%ды түздү, анын ичинде: 440 млн сом эмгек акыга жана Соцфондго чегерүүлөргө каржыланды; гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө – 67,4 млн сом; […]Читать далее
2023-жылдын 5 айында Мамлекеттик салык кызматы алкоголсуз суусундуктардан 275,6 млн сом акциз салыгын чогултту. Жалпысынан бул продукцияга акциз салыгы киргизилгенден бери бюджетке 445,9 млн сом түшкөн. Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-июлунан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясына киргизилген алкоголсуз суусундуктарды (кант же аны алмаштыруучу же даамдуу-жыт берүүчү заттарды камтыган суу) өндүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоого […]Читать далее
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө КР Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар Департаменти билдирет. 2023-жылдын башынан бери сатып алуучу уюмдар мамлекеттик сатып алуулар порталында жалпы суммасы 15,5 млрд сомго 101 675 товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды сатып алууну жарыялашкан. Анын ичинен 99 330 сатып алуу ийгиликтүү […]Читать далее
2023-жылы Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоонун алкагында санариптик экономикага 500,0 млн сом өлчөмүндө каражат каралган. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бир катар чечимдерине ылайык 500,0 млн сомдон 146,8 млн сом өлчөмүндөгү каражаттар бөлүштүрүлдү. Маалымат катары, мамлекеттик органдар санариптештирүү үчүн каралган каражаттардын алкагында жалпы суммасы 349,3 млн сомду түзгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелегендигин […]Читать далее
МБК 2023-жылдын май айында 9,6 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. План 122,5%га аткарылды. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы маалымдады. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын май айына карата республикалык бюджетке иш жүзүндө 9,6 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-май айларында 94 млрд 816,6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы маалымдады. Белгиленген план 1,6 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,3 млрд сомго көп жыйналган. Анын ичинде 69 млрд 761,7 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналды. План 594,2 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2022-жылдын 5 айына салыштырмалуу 8,9 млрд сомго […]Читать далее