2025-жылдын 1-мартына карата жумуш издөө боюнча иш менен камсыз кылуу кызматынын каттоосунда турган жумушсуздардын саны 67,6 миң адамды түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады. Өткөн жылдын ушул мезгиликне салыштырмалуу катталган жумушсуздардын саны 23,2%га азайган. Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 44,9%ын аялдар түздү. Ал эми жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 1,7%ды түздү.Читать далее
ЕАЭБ менен макулдашуунун алкагында 111 эмгек мигрантына пенсия чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринде иштеген эмгек мигранттарын пенсия менен камсыз кылуу боюнча макулдашуу күчүнө кирген. Буга байланыштуу Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларустун жарандары, эгерде алар ЕАЭБдин башка өлкөсүндө иштеп, пенсиялык укуктарга ээ болушса, эмгек […]Читать далее
Кургатылган жемишердин басымдуу бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүнө эскпорттолот. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” борборунун директору Урмат Такиров радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, өлкөдө соңку жылдары кургатылган жемиштерди сыртка экспорттогон ишканалар көбөйдү. Алардын багыты ар түркүн, дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөргө жөнөтүлүп жатат. Алардын ичине Түркия, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана ошондой эле Европа […]Читать далее
Кыргызстанда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) расмий түрдө жокко чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тартып мунай зат (майлоочу майларды кошпогондо), алкоголь жана тамеки продукцияларынан тышкары, товарлардын бардык түрлөрү үчүн ЭТТК милдеттүү түрдө колдонуу жокко чыгарылды. Ошондой эле 2027-жылдын 1-январынан тартып ЭТТК дары-дармектер жана медициналык буюмдар үчүн милдеттүү түрдө колдонулат. […]Читать далее
Кыргызстанда жарандар автотранспорт каражаттарын импорттоодо жана сатууда алынган кирешелердин салыгынан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Салык кызматы жарандар автотранспорт каражаттарын ташып келүүдө жана кайра сатууда тапкан киреше салыгынан бошотулгандыгын билдирет. Калкты колдоо жана жарандардын финансылык абалын жакшыртуу, ошондой эле убактылуу финансылык кыйынчылыктарга туш болгондорго жардам берүү максатында салык мыйзамдарына маанилүү өзгөртүүлөр киргизилди. Кыргызстандын […]Читать далее
“Тулпар Моторс” заводу быйыл 3 миң 800 даана унаа чыгарат. Бул тууралуу автозаводдун директору Мирбек Дубанаев радиолордун биринде билдирди. Анын айтымында, “Тулпар Моторс” заводу Чүй облусундагы Ак-Суу айылында жайгашкан. Аталган завод өткөн жылдын 18-июлунда иштей баштаган. Жарым жыл ичинде ишкана 504 унаа чыгарып, алардын 456сы сатылган. 2025-жылы компания өндүрүштү арттырып, дагы 3 миң 800 унаа […]Читать далее
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы «Баткен» бажысынын ишмердүүлүк аймагына баруу учурунда, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Кызыл-Бел» жана «Кайрагач» өткөрмө пункттарына барды. 2025-жылдын 13-мартында өткөрүү пункттарынын иши кайра жанданган учурдан тартып бажы органдарынын кызматкерлери штаттык режимде кызмат өтөшөт, ал эми маалыматтык системалар жана техникалык каражаттар үзгүлтүксүз иштеп жатат. Өздүк курам менен жолугушуунун жүрүшүндө төрага Кыргызстан менен Тажикстандын […]Читать далее
2025-жылдын башынан учурга чейин ОСАГО боюнча 32 жаран компенсация алып, анын жалпы суммасы 3 млн 381 миң 692 сомду түздү. Бул тууралуу “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсы билдирди. Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын жыйынтыгы менен автотранспорт ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полистери боюнча 48 жаранга 4 млн 320 миң 153 сом суммада төлөмдөр жүргүзүлгөн. Белгилей кетсек, ОСАГО боюнча […]Читать далее
“Кыргызалтын” ишканасынын кирешеси 17 млрд сомдон ашты. Маалыматтар боюнча, “Кыргызалтындын” кирешеси быйыл рекорддук көрсөткүчкө жетип, буга чейинки жылдардагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу айырмачылык бир топ эле байкалат. Кирешени жылдарга бөлүп карай турган болсок: – 2019 – 310 млн 492 миң сом; – 2020 – 1 млрд 236 млн 715 миң сом; – 2021 – 2 млрд 753 […]Читать далее
Кыргызстан Россия жана Казакстан сыяктуу коңшу өлкөлөрдө азык-түлүккө болгон баалар боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Мониторинг – нан азыктары, картошка, жашылча, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кант, жумуртка, өсүмдүк майы жана башкалар боюнча жүргүзүлгөн. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда сары май 0,2%, уй эти 1,2%, кой эти […]Читать далее