Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде агроөнөр жай комплекси өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда негизинен Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Кытайга экспорттоо маселеси талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө министрликтин өкүлдөрү ишкерлерди Кытайга экспорттоо боюнча учурдагы абал тууралуу маалымат берип, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана продукциясынын артыкчылыктуу түрлөрүн белгилешти. Ошондой эле экспорттоочулар […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 26-мартынан тартып электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) милдеттүү түрдө колдонуу жокко чыгарылгандыгына байланыштуу салык органдарынын “Кемин”, “Сосновка” (Чүй облусу) жана “Кара-Көлдөгү” (Жалал-Абад облусу) габариттик-контролдоо пункттарындагы ички посттору жоюлгандыгын билдирет. Ведомстводон маалымдашкандай, мындан ары аталган посттордо Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан товарлардын коштоочу документтери текшерилбейт, бул көзөмөл посттору жоюлду. “Бул чечим республиканын ичинде […]Читать далее
Кыргызстанда 1-майда электр энергиянын тарифтери өзгөрөт. Мындан улам Энергетика министрлиги электр энергиясынын баасын көтөрүү эмне себептен керектиги тууралуу түшүндүрмө берди. Электр энергиянын баасын көтөрүү эмне үчүн керек? Жөнөкөй тил түшүндүрүп берели: – Электр энергияны көбүрөөк керектеп жатабыз. Акыркы 10 жылда керектөө бир топ өстү. – Жабдуулар эскирди. – Электр станциялары менен түйүндөрдү жаңылоо зарыл, бул […]Читать далее
Мындан ары коммерциялык банктардан, акча алмашуу бюролорунан эски үлгүдөгү АКШ долларын алмаштырууда комиссия алынат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Анда 2025-жылдын 19-мартында “Кыргыз Республикасында накталай төлөм аркылуу чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого өзгөртүүлөр киргизилгени айтылат. Бул мыйзам 1-майдан тарта күчүнө кирет. Белгилей кетсек, мында 2006-жылга чейин чыгарылган АКШ доллары тууралуу […]Читать далее
Жыл аягына чейин жаңы муниципалдык беш мал базар курулуп, ишке берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алар Ноокен, Кочкор, Ак-Талаа, Кадамжай райондорунда жана Бишкек шаарында салынууда. Ошондой эле, учурда жергиликтүү бийлик менен биргеликте Өзгөн жана Кемин райондоруна да жаңы мал базар куруу үчүн жер бөлүнүп […]Читать далее
2025-жылдын 1-майынан тарта Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирет. Электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү бардык керектөөчүлөргө таасирин тийгизет. Тарифтердин көтөрүлүшүнүн себептери Буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев тарифтердин жогорулашына бир нече факторлор, анын ичинде инфляция, энергетикалык ресурстарга жана жабдууларга болгон баанын өсүшү себеп болгонун билдирген. Учурда өлкөдө тарифтер Борбор Азиядагы эң төмөнкү тарифтердин катарына […]Читать далее
Кыргызстан өзүнүн акчасын өзү чыгара баштайт. Бул туурасында президент Садыр Жапаров “Учкун” басмаканасынын ишмердүүлүгү менен таанышуусунун жүрүшүндө белгилүү болду, – деп билдирет өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов. Анын маалыматына караганда, акционердик коомду кыдыруу маалында мамлекет башчысына атамекендик ишканада кыргыз сомун чыгаруу башталганы тууралуу маалымат берилди.Читать далее
2025-жылы “Тулпар Моторс” заводу 3,8 миңден ашык унаа чогултууну пландоодо. Бул тууралуу КР Экономика жана соода министрлигинин өнөр жай долбоорлорун өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Айгүл Шаршенова Биринчи радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, бул партиянын басымдуу бөлүгүн автокредиттин алкагында сатуу пландалууда. Ал белгилегендей, жеке жактардан да, юридикалык жактардан да кайрылуулар бар. «Таксисттердин автопарктарын жаңылоону каалаган кайрылуулары бар», […]Читать далее
Бүгүнкү күндө республика боюнча 796 айылдын тургундары ичүүчү таза суу менен камсыздалды. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматына караштуу ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Шамшиддин Халов радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, 15 жыл бою каралбай, ичүүчү таза суусу жок айылдарда учурда мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулууда. Ушул тапта […]Читать далее
Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өсүүдө. Евразия банкынын жумалык баяндамасына ылайык, Кыргыз Республикасынын өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2025-жылдын январь-февраль айларында 14,7%га өстү деп айтылган. Ушул эле жылдын январь айында мындай өсүш 10,7%ды гана түзгөн. Өнөр жайынын өсүшүнүн негизин тамак-аш тармагы (55,1%) жана энергетика тармагы (19,6%) түзүп, өсүштү улантып келе жатышат. 2025-жылдын февраль айында негизги металлдарды […]Читать далее