2023-жылы микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан берилген кредиттердин суммасы дээрлик 51 млрд сомду түздү, мында алуучулардын саны 740 миң адамга жакын болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматта айтылгандай, микрокредиттерди алган калктын саны 2022-жылга салыштырганда 10%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 29,5%га көбөйгөн. Микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек шаарынын (10 млрд. сом же берилген микрокредиттердин […]Читать далее
Коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражаттын көлөмү 20,4 млрд сомду түздү. Финансы министрлигинен билдиришкендей, 2020-жылдан бери жана 2024-жылдын январь-февраль айларынын аралыгында депозиттик эсептерге 20 млрд 445 млн сом келип түшкɵн. Анын ичинен 14 млрд 145,10 млн сом мамлекеттик бюджетке чегерилген, ал эми 6 млрд 299,9 млн сом Турукташтыруу фондуна которулган. Министрликтен белгилешкендей, мамлекетке […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы январь-февраль айларында бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча 2 млрд 172,8 млн сом салык чогултту. МСКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 267,8 млн сомго көп жыйналган. Ошондой эле салык салуунун бул системасын колдонгон салык төлөөчүлөрдүн саны да өсүүдө. 2024-жылдын 1-мартына карата бирдиктүү салыкты […]Читать далее
Элчи Казакбаев Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө кызыкдар болгон түрк компанияларынын өкүлдөрү
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө кызыкдар болгон, ошондой эле Конья соода палатасына мүчө түрк компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Казакбаевдин Конья шаарына болгон иш сапарынын алкагында Конья соода палатасында өттү. Жолугушууда элчи Руслан Казакбаев Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан инвестицияларды коргоо жана бизнести колдоо боюнча көрүлүп жаткан негизги чараларга токтолду. […]Читать далее
2024-жылдын 2 айына карата мамлекеттик бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө салыктык эмес кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү 5 млрд 295,8 млн сомго аткарылды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 айдын жыйынтыгы боюнча Финансылык кедиттик фонд тарабынан бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздарга бекитилген планы 135,6 млн сом өлчөмүндө белгиленип, иш жүзүндө аткарылуусу 327,7 […]Читать далее
Дыйкандар жазгы талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүү үчүн күйүүчү-майлоочу май менен 100%га камсыз болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди. Анын айтымына караганда, республика боюнча дыйкандар айыл чарба иштерин башташты жана жыл сайын талаа иштерине күйүүчү-майлоочу майдын көлөмү канча деген суроо жаралат. “Биз жыл сайын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра […]Читать далее
2024-жылдын 1-апрелинен тарта жеке колдонуу үчүн товарларды алымсыз ташып келүүнүн босоголору өзгөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдайт. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы №107 чечимине ылайык: коштоочу жана (же) коштолбогон жүктө аба транспортунан же жөө өтүү тартибинен тышкары транспорттук каражаттар менен менен ташылып келинген жеке колдонуу үчүн товарларга карата алымсыз ташып келүү ченемдери төмөнкүдөй […]Читать далее
2023-жылдын 31-декабрына карата Кыргызтандын мамлекеттик карызы 6 млрд 280,54 млн долларды же 559 млрд 503,58 млн сомду түздү. Бул тууралуу КР Финансы министрлиги билдирет. Тышкы карыз – 4 млрд 652,73 млн доллар; Ички карыз – 1 млрд 627,80 млн доллар. 2023-жылдын 31-октябрына карата Кыргызтандын мамлекеттик карызы 6 млрд 59 млн долларды түзгөн. Мамлекеттик карыздын структурасыЧитать далее
“Агроөнөр жай кластерин кредиттөө” долбоорун өнүктүрүү максатында 2022-жылдан бери жалпы 17 млрд сом бөлүнгөн. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашкандай, анын ичинен: – 12,8 млрд сом – 18 кластер үчүн; – 4,2 млрд сом – айыл чарба техникаларын жана асыл тукум мал жандыктарды лизингге алуу үчүн каралган. “Агроөнөр жай кластерин […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 18-марына карата 370 миң 110 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды, анын 363 миң 95и электрондук түрдө тапшырууну туура көрүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) басма сөз кызматынан билдиришти. Тапшыргандардын ичинен 32 миң 812 юридикалык жактар, 76 миң 41 жеке ишкер, 209 миң 515 жеке жак, ошондой эле 51 миң 742 мамлекеттик […]Читать далее