2024-жылдын январь-март айларында Кыргызстанда 65 млрд 506,1 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, белгиленген план 2,8 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 млрд сомго көп жыйналды. Анын ичинде 47 млрд 979,7 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналып, план 272,4 млн […]Читать далее
Бишкекте КР Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча регионалдык директору Айтен Рустамова менен эки тараптуу жолугушуу өттү. КР УБнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө жашыл экономиканы өнүктүрүү, Кыргызстандын финансы системасына ESG принциптерин киргизүү жаатында мындан ары кызматташуу багыттары талкууланды. Тараптар […]Читать далее
Күн мурун экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов IFC Эл аралык финансы корпорациясынын өкүлдөрү менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, анда инфраструктура тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен кызматташуунун келечеги жана жеке секторду каржылоо маселелери талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары ЭФКгы экономиканын артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, каржы секторун, энергиянын кайра жаралуучу […]Читать далее
Дүйнөлүк банк 1992 жылдардан тарта Кыргыз Республикасына берилген финансылык жардамдын көлөмү 2,7 млрд АКШ долларын түздү, анын ичинен 581,0 млн АКШ доллары айыл чарбасын, ирригацияны жана суу менен камсыздоону өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде КРнын Финансы министринин орун басары Р.Татиков Агрофорум-2024 учурунда билдирди. Ошондой эле 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктө […]Читать далее
Бүгүн Дүйнөлүк банк тарабынан жалпы суммасы 52,4 млн АКШ доллар түзгөн “Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууларга кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет. КР министрлер кабинетинин атынан макулдашууга финансы министри Алмаз Бакетаев, ал эми Дүйнөлүк банкы тарабынан Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Татьяна […]Читать далее
Бишкекте 29-мартта Улуттук банктын “Санарип сом” долбоордук тобу санарип сомду ишке киргизүүгө байланыштуу укуктук жана жөнгө салуу маселелерин иштеп чыгууда анын жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча Ведомстволор аралык жумушту топтун экинчи отурумун өткөрдү. Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, отурумдун жүрүшүндө Ведомстволор аралык жумушчу топ санарип сомдун укуктук статусу, анын артыкчылыктары, долбоордун ийгилигинин сандык жана […]Читать далее
Гуанчжоу шаарында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылганын аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Өкүлчүлүктү расмий түрдө КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев ачты. Жаңы кеңсе ишкерлер үчүн маанилүү жолугушууларды уюштурууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга, маанилүү маселелерди чечүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Бул өкүлчүлүктүн ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө салым […]Читать далее
2023-жылы лизинг ишмердигин 20 компания жүргүздү, алар менен 3 миңге жакын келишим түзүлдү, ал эми 2022-жылы алардын саны 2 миңге жакын келишимди түзгөн. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, мында бардык лизингдик келишимдер финансылык лизинг шарттарында түзүлдү. Мындай келишимдердин жалпы наркы 2023-жылы 6,8 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү, бул 2022-жылдын деңгээлинен 1,7 эсеге ашты. Финансылык лизингдин […]Читать далее
2024-жылдын 29-мартында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Бишкек шаарынын 2024-жылга консолидацияланган бюджетин бекиткен. Шаардын консолидацияланган бюджети киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча 32 590,5 млн.сомду түзөт: анын ичинен административдик-аймактык реформага ылайык кошулган айыл аймактарынын бюджети 868,1 млн сом жана республикалык бюджеттен трансферттер 6973,0 млн сом., автобустарды сатып алууга жана Бишкек шаарынын жана ага кошулган айыл […]Читать далее
Кыргызстан менен Россиянын энергетика министрлери Таалайбек Ибраев жана Николай Шульгинов “Чалдовар” жылуулук электр станциясынын курулуш долбоору боюнча кызматташуу, өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Документ «Чалдовар» жылуулук элекстр станциясынын курулуш долбоорун ишке ашыруунун алкагында кыргыз-орус ыйгарым укуктуу уюмдарынын кызматташуусуна багытталган, ошондой эле Кыргызстандын аймагында генерациялоочу кубаттуулуктарды модернизациялоо жана куруу жаатында башка келечектүү долбоорлорду иштеп […]Читать далее