Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-сентябрында 12 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 8,4 пайызга көп. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 28,2 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 3,7 пайызга көбөйгөн. ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2024-жылдын январь-сентябрында 3,8 млрд. АКШ долларын түздү […]Читать далее
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жалпы 643,2 миң га (96,3 %) аянтта жүргүзүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 88,8 миң га көп жыйналууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Анын ичинде буудайды оруп жыйноо иштери 240,5 миң га аянтта аткарылды. Бул өткөн жылга караганда 37,8 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүгү […]Читать далее
Жыл башынан бери экономикалык өсүштүн эң жогорку деңгээли байкалды, – деди Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов Бишкекте өткөн брифингде. Анын маалыматына караганда, 2024-жылдын январь-октябрь айларында ички дүң продукция алдын ала маалымат боюнча 1 трлн сомдон ашып, 2023-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 9,6 пайызга өскөн.Читать далее
Кыргызстандын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-октябрь айларында 47миң 576 жаранга пенсия чектеди. Фонддон белгилешкендей, анын ичинен октябрь айында 2 миң 183 жаранга пенсия чектелди. Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 637 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, айыл чарба продукциясынын экспортун жогорулатуу, жашыл айыл чарбасын өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча Эксперттик кеңештин жолугушуусу болуп өттү. Эксперттик кеңеш айыл чарбасында кайра иштетүүнү илгерилетүүдө 2030-жылга карата айыл чарба продукциясынын экспортун 2 эсеге көбөйтүү, ошондой эле, 2040-жылга […]Читать далее
2024-2025-окуу жылында адамдык капиталды өнүктүрүү максатында көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу үчүн республикалык бюджеттен жана башка булактардан 11 млрд 25,4 млн сом кошумча бөлүнөт. Бул тууралуу министр Догдуркүл Кендирбаева 4-ноябрда Бишкекте өткөн “Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү” аталышындагы улуттук форумда билдирди. Министрдин билдирүүсү боюнча бөлүнгөн каражаттар төмөнкүдөй максаттарга жумшалат: мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы “Учкун” ААКсынын отунду маркалоо оператору менен биргеликте маркалоо системасы киргизилгенден бери 105,03 миң тонна бензин жана дизелдик отунду маркалады. Ведомстводон билдиришкендей, 58,07 миң тонна дизелдик отун жана 46,9 миң тонна бензин маркаланды. Мындан сырткары, октябрь айында милдеттүү маркалоо киргизилгенден бери КММга акциз салыгынан 513,3 млн сом келип түшкөн, бул өткөн жылдын ушул […]Читать далее
Кыргызстан 2012-2015-жылдар аралыгында социалдык жана экономикалык долбоорлорго деп 100 млн доллар карыз алган экен. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан жетекчиси Дайырбек Орунбековдун айтымында, учурда, анын 58,8 млн доллары калган. “Садыр Жапаров буга чейин тышкы карызды жашыл экономикага алмаштыруу боюнча демилге көтөрүп, өнөктөш өлкөлөргө жана каржы уюмдарына кайрылган. Бүгүн, Түркия президенти Кыргызстанга болгон […]Читать далее
CASA-1000 долбоорунун энергетикалык инфраструктура объектилеринин курулушу аяктады. Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстан Борбордук жана Түштүк Азияны байланыштыра турган ири трансаймактык электр берүү линияларын түзүүгө багытталган CASA-1000 эл аралык долбоорунун алкагында энергетикалык инфраструктура объектилерин курууну аяктады. Бул долбоорго төрт мамлекет – Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистан катышууда. […]Читать далее
25-октябрда Европа Биримдиги Кыргызстандын министрлер кабинетине билим берүү сектору үчүн гранттык негизде 7 млн евро, же 648,7 млн сомго жакын бюджеттик жардамды которду. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинен билдиришти. Европа Бирлигинин колдоосу Кыргызстанда мектептеги билим берүүнүн сапатын жакшыртууга жана жынысына, этникасына жана тилине карабастан бардык балдар үчүн анын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган. ЕБ менен […]Читать далее