Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда жалпы суммасы 45,11 млн долларлык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, каражат “Кыргызстанда айыл чарбасын механизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн каржылоо” долбоорун ишке ашырууга жумшалат. Эми бул каражат “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААКтар аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөр […]Читать далее
2024-жылы республиканын финансы секторунда 16 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүзүштү. Алардын кирешелери 2023-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өсүп, 7,2 млрд. сомду түздү. Мында кирешелердин негизги көлөмү (анын жалпы суммасынын 72,5%) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды. Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары ушул эле мезгилде 1,8 эсеге көбөйүп, 6 млрд. сомго жакынды түздү. Жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан […]Читать далее
17-апрелге карата “Айыл чарбасын каржылоо – 13” долбоорунун алкагында республиканын 3 173 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыя берилди. Финансы министрлигинен билдиришкендей, каржылоонун көлөмү 1 млн 926 млн сомду түзөт. Анын ичинен: “мал чарбачылык” тармагы боюнча 1 553,86 млн сом суммасында 2 517 насыя; “өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 290,60 млн сом суммасында 609 насыя; “сууну үнөмдөөчү технологиялар” тармагы боюнча 9,7 млн сом суммасында 12 субъектти түзөт; “лизинг” тармагы боюнча 72,16 млн сом суммасында 35 субъектти түзөт.Читать далее
Республика боюнча эң жогорку продуктивдүү тооктор Чүй облусунун чарбаларында өстүрүлөт. Мамлекеттик жардам максатында, малдын жана канатуулардын тоюттары жана тоюттардын кошулмалары импортун кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулган. Бүгүнкү күнгө карата республиканын аймагына коңшулаш өлкөлөрдөн импорттолгон жумурткалар катталган эмес. 2025-жылдын январь–март айларындагы жумуртканын импорту жана экспорту 1. Жумуртка 2025 жылдын үч айында 8 812 800 даана жумурутка, Казакстан Республикасына […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Бахрейн Падышалыгына болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Падышалыгынын ортосунда экономикалык кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Документке Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков кол койду. Меморандум эки өлкөнүн соода-экономикалык тармактардагы өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө багытталган. Бул келишимдин негизинде кызматташууну тереңдетүү, тажрыйба алмашуу […]Читать далее
Кыргызстанда өзгөчө экономикалык бирикмелер ишке кирип, дыйкан-фермерлердин керектөөсүн камсыз кыла баштайт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Министрликтен белгилешкендей, өзгөчө экономикалык бирикмелерди ишке ашыруу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда. Ал чарбаларды ирилештирүү боюнча жаңы стратегиялык концепциянын алкагында жүргүзүлөт. Мында – экономикалык ишканалардын, кооперативдердин, бирикмелердин (чемпиондордун, агрегаторлордун) […]Читать далее
Министрлер кабинетинин токтому менен башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган унааларды Кыргызстандын аймагына кирүү (ташып кирүү), чыгуу (ташып чыгуу) жана аларды Кыргызстандын аймагында эксплуатациялоо тартиби бекитилди. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, документ расмий жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күн өткөндөн кийин – 2025-жылдын 3-майынан тартып күчүнө кирет. Бул Тартип аркылуу төмөнкү маселелер жөнгө салынат: Кыргыз […]Читать далее
Бүгүн Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын I кварталындагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жыйыны өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, 2025-жылдын 1-кварталында 82 млрд 966,7 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналган. Пландык көрсөткүчтөр 5,3 млрд сомго ашыкча аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 17,5 млрд сомго көбөйгөн. Жалпы сумманын 63,8 […]Читать далее
Кыргызстанда санарип сом 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирип, жүгүртүүгө чыгарылат. Бул тууралуу Улуттук банктын “Санарип сом” долбоордук тобунун жетекчиси Айгүл Бакесариева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бир санарип сом нак бир сомго барабар жана колдонууга чыккандан кийин кадимки накталай акча каражаты сыяктуу эле пайдаланылат. “Санарип сомду колдонуу боюнча мыйзам 2027-жылдын башынан тарта күчүнө […]Читать далее
2025-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында тирүүлөй салмакта 98,4 миң тонна эт өндүрүлдү. Бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2582 тоннага же 2,7-пайызга эт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтүп турат. Эт өндүрүүнүн көбөйүшү республиканын бардык облустарындагы чарбаларда байкалууда, негизи малдын жана үй канаттуларынын санынын өсүшү менен байланыштуу. Республикадагы мал санактын 2024-жылдын аягына карата жыйынтыгы боюнча маалыматына […]Читать далее