Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев казакстандык кесиптеши Марат Карабаев менен онлайн кеңешме өткөрдү. Ведомстводон билдиришкендей, жыйында кыргыз-казак чек арасында жайгашкан өткөрмө бекеттердеги көпүрөлөрдү реконструкциялоо талкууланды. Мындан тышкары, “Камышановка – Ак-Суу” өткөрмө бекетинин ишин жандандыруу маселеси каралып жатканы кошумчаланды. Биргелешкен жыйында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар Кыргызстан менен Казакстандын транспорттук инфраструктура жаатындагы кызматташтыгын чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө […]Читать далее
Кыргызстанда турак жайын камсыздандыруу маданияты өнүгүүдө. Бул тууралуу “Биринчи радиого” Экономика жана коммерция министрлигинин банктык эмес финансы рынокторунун саясаты бөлүмүнүн башчысы Азамат Саматов билдирди. Анын айтымында, турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы 2012-жылы кабыл алынган, бирок азыркы күнгө чейин толугу менен иштей элек. “Тилекке каршы бул мыйзам толугу мнене ишке ашырыла элек, муну моюнга алыш керек. […]Читать далее
2025-жылдын январь-февраль айларында 41 млрд 490,5 млн сом салык жана төлөмдөр чогулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, план 4 млрд 91,8 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 10,7 млрд сомго көбөйгөн. Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 12 млрд 911,3 млн сом жыйналды, бул белгиленген пландан 811,3 млн […]Читать далее
Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов «Мега Юнион Индастри» ЖЧКсынын гипс жана гипсокартон листтерин өндүрүүчү жаңы өндүрүштүк объекттеринин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, салтанат Жалал-Абад облусунун Достук айылында болуп өттү. Иш-чаранын катышуучулары менен учурашуу учуруда, экономика жана коммерция министринин орун басары бул долбоор өлкөнүн экономикалык өсүшү үчүн чоң мааниге ээ […]Читать далее
Эр-Риядда Кыргызстандын кургатылган жемиштерин Сауд Аравиянын рыногуна экспорттоо маселеси талкууланды
Эр-Риядда Кыргызстандын кургатылган жемиштерин Сауд Аравиянын рынокторуна экспорттоо маселеси талкууланды. Маселени Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов BAJA компаниясынын аткаруучу директору Мухаммед Фарха Аль-Гамиди менен жолугушуусунда каралды. Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, ошондой эле жолугушууда тараптар Кыргызстан менен BAJA компаниясынын болжолдонгон кызматташтыгын дагы талкуулашты. Атап айтканда, элчи Марипов BAJA компаниясы менен эки тараптуу өз ара […]Читать далее
Быйыл өлкөнүн агроөнөр жай комплексинде 55 жаңы ишкана ачылары күтүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ишканалар министрликтин ар тараптуу колдоосу менен экспорттук инфраструктура жана кайра иштетүү өнөр жайы тармагында ачылат. Аны каржылоо үчүн жалпысынан республикалык бюджеттен жана чет элдик инвестициялык каражаттарды тартуунун эсебинен 33 млрд 196 млн сом […]Читать далее
Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен «Орто Азиялык инвестициялык Холдинг» ААКсынын башкы директору Орен Ахмет Мужахид менен Бишкек ЖЭБ-2де 250 МВт кубаттуулуктагы газ куюучу станцияны куруу долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ведомстводон билдиришкендей, долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2–4 жыл. Долбоордун бюджети 443 миллион АКШ долларын түзөт. Учурда «Орто Азиялык инвестициялык Холдинг» ААКсы Бишкек ЖЭБ-2 газ куюучу станциясынын […]Читать далее
27-февралдан тартып Бишкектен Вьетнамжын Нячанг шаарына түз аба каттамы ачылды. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек – Нячанг – Бишкек каттамы жумасына 3 жолу аткарылат. Каттамды “Аэро Номад Эйрлайнс” авиакомпаниясы ишке ашырат. Бул каттам Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү окуя болуп саналат, анткени Нячанг өлкө борборунан биринчи түз эл аралык багыт болуп калды. Каттам […]Читать далее
Жакында “Айыл чарбасын каржылоо – 13” долбоорунун алкагында дыйкандарга жеңилдетилген насыя бериле баштайт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жеңилдетилген насыя алуу үчүн дыйкан-фермерлерден кайрылуулар келип түшүүдө. Белгилей кетсек, бул долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү “мал чарбачылыгы”, “өсүмдүк өстүрүү” жана “сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялар” менен алектенгендарге 36 […]Читать далее
2024-жылы Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институту дээрлик 6 млн сом киреше тапты. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде аталган институттун директору,айыл чарба илимдеринин доктору Биржан Усубалиев билдирди. Анын айтымында, институтка соңку жылдары Айыл чарба министрлигинен жакшы колдоо көрсөтүүлүдө. Анын натыйжасында Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институту жакшы киреше алып келүүдө. “Быйыл дагы Айыл чарба министрлиги бизге 2 млн […]Читать далее