Социалдык фонд Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2025-жылдын январь-февраль айларындагы инвестициялары тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, 2025-жылдын январь-февраль айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга 15,20-16% жылдык кирешелүүлүгү менен 3 687,6 млн сом инвестициялаган. Фонддун каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык мөөнөт менен 800 млн сом өлчөмүндө жайгаштырылган, жылдык кирешелүүлүгү 12,4-12,8% болгон. […]Читать далее
Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу арзан. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Министрлик тарабынан өткөн аптага карата Россия, Казакстан сыяктуу чет өлкөлөр менен Кыргызстандагы азык-түлүккө, атап айтканда нан азыктары, картошка, жашылча-жемиш, мөмө-жемиш, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы жана башкаларга болгон бааларга салыштырмалуу мониторинги жүргүзүлдү. Мониторингтин жыйынтыгы […]Читать далее
Бүгүнкү күңдө жаздык айдап-себүүгө өлкө боюнча кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү 90 пайыз камсыздалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. 2025-жылдын жаздык айдап себүүсүнө карата республиканын аймактарын үрөн менен камсыздоо үчүн жалпысынан 64,6 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелсе, үрөнчүлүк чарбалар жана чарба субъекттери тарабынан 58,5 миң тонна […]Читать далее
Дыйкандарга 7 млн 900 миң сомго жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. «Айылчарбасын каржылоо -13» долбоорунун негизинде ушул күнгө карата дыйкандарга 7 млн 900 миң сомго насыя берилген. Алар: Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 700 миң сомго 1 насыя берилди. Банктар боюнча алганда: –“Элдик Банк” ААК – 700 миң сомго 1 насыя. […]Читать далее
Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБдин аймагынан тышкары сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салынды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайр иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, ал Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 2025-жылдын 3-мартынан тартып алты айлык мөөнөткө киргизилди. Министрлер кабинетинин чечими менен берилүүчү эл аралык транзиттик жана гуманитардык жардамдан тышкары минералдык жер семирткичтердин бардык түрлөрүнө карата колдонулат. Бирок, […]Читать далее
2024-жылы Кыргызстанда курулуш тармагына 285,7 млрд сом инвестиция салынды. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, бул мурунку жылга салыштырмалуу 18% өсүштү көрсөтөт. Анын ичинен капиталдык инвестициялардын өсүшү: ички инвестициялар – 1,3 эсеге көбөйдү; тышкы инвестициялар – +11,5%. Ири долбоорлор: Токтогул ГЭСинин 3-агрегаты ишке кирди; Уч-Коргон ГЭСинин 1-агрегаты ишке кирди; чакан ГЭСтер: Орто-Токой, Папан, Бала-Саруу Турак жай: 12 659 […]Читать далее
2025-жылы салыктардын түшүүсү 48,7 млрд сом болот деп пландалууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинде билдирди. Анын айтымында, былтыркы жылга салыштырмалуу өсүү ыргагы 20%ды түзмөкчү. “Өнөр жай субъекттери тарабынан төлөнгөн салыктардын көлөмү акыркы эки жылда 2,1 эсеге көбөйдү. 2022-жылы мамлекеттик […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин бүгүнкү жыл жыйынтыгы чыгарылган жыйынында министрликтин былтыркы жылдагы аткарган иштери, ветеринардык кызматтын жана айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин ишмердүүлүгү, ошондой эле алдыдагы милдеттер каралды. Араван, Нарын, Түп, Жайыл, Лейлек, Айтматов, Ноокен райондорунда министрлик койгон беш артыкчылыктуу багыты боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча отчеттор угулду. Жалпысынан […]Читать далее
Жыл башынан бери бензин жана дизель майынын ар бир литрине алынган 1 сомдон Жол фондуна 172 млн сом түштү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Жол фондунун карамагында 17 каржы булак бар. Анын ичинен учурда 11 […]Читать далее
2024-жылы Кыргызстанда жеке адамдар тарабынан акча которуулардын таза агымы 2,5 млрд АКШ долларын түзүп. Улуттук банктан билдиришкендей, бул 2023-жылга салыштырмалуу 18,6%га өскөнүн билдирет. Акча которуулардын дүң агымы 10,5%га өсүп, 3 млрд АКШ долларын түзгөн. Акча которуулардын негизги бөлүгү [93%] Россиядан келип түшкөн. Көрсөтүлгөн мезгилде Кыргызстандан акча которуулардын дүң агылып чыгуусу 2023-жылга салыштырмалуу 20,6%га кыскарып, 0,4 […]Читать далее