Кыргызстан Борбор Азияда ички дүң продукциянын өсүү темпи боюнча лидерлигин сактоодо. Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) аналитиктери 2026-жылдын жыйынтыгында өлкөнүн экономикасы кеминде 10% өсөт деп күтүшүүдө. Банктын сентябрда жарыяланган макроэкономикалык баяндамасында Өзбекстан менен Тажикстандын экономикасы болжол менен 8%, Казакстандыкы 4-5% өсөрү болжолдонгон. Эксперттердин айтымында, бул көрсөткүчтөр Борбор Азия өлкөлөрүндө туруктуу экономикалык өсүш уланып жатканын жана аймактагы […]Читать далее
Кыргызстанда балдын сапатын аныктап, эл аралык стандарттарга шайкештигин текшере турган заманбап бал аарычылык лабораториясы ишке кирет. Бул тууралуу К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Нурзат Тотубаева “Биринчи радионун” эфиринде билдирди. Анын айтымында, учурда кыргыз балы дүйнөдөгү сапаттуу балдардын катарына кирет. Бирок, өлкөдө балдын сапатын заманбап талаптарга ылайык аныктай турган лаборатория жок болгондуктан, айрым […]Читать далее
Эгемендүүлүк күнүнө карата 12-сентябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкек эркин экономикалык аймагында 14 жаңы өндүрүш ишканасы ишке берилет. Бул тууралуу Бишкек эркин экономикалык аймагынын Инвестиция тартуу башкармалыгынын башчысы Айжамал Акаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, жаңы ишканалардын арасында балет бут кийимдерин, зип-пакеттерди, курулуш материалдарын чыгарган ишканалар жана тигүү цехтери бар. Ошондой эле желмаян […]Читать далее
Кыргызстан менен Индиянын ортосунда соода-экономикалык жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Бүгүн министринин орун басары Медербек Туманов Кыргызстандын Ченнай шаарындагы ардактуу консулу Пракаш Рао менен жолугушту. Тараптар соода, инвестиция, өнөр жай, билим берүү жана фармацевтика тармактарындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Жолугушууда өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, өндүрүштүк потенциалды кеңейтүүгө […]Читать далее
Кыргызстандын салыктык башкаруу системасына жасалма интеллект технологияларын киргизүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Кызматтын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов YZi Labs тарабынан колдоого алынган санариптик инфратүзүмдү иштеп чыгуучу Sign компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар салыктык башкарууну санариптештирүү, заманбап чечимдерди иштеп чыгуу жана жасалма интеллектти МСКнын негизги аналитикалык тутумдарына интеграциялоо маселелерин карашты. Ошондой эле ата […]Читать далее
Кыргызстанда Пакистандын капиталы салынган 1400гө жакын биргелешкен ишкана бар. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков билдирди. Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү үчүн ишканаларга колдоо көрсөтүлөт. “Пакистандын капиталы салынган 1400гө жакын биргелешкен ишканалар бар. Аларга биз тиешелүү шарттарды түзсөк, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүп берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Металлургия жаатында да Пакистан […]Читать далее
2021-2025-жылдар аралыгында Кытайдан Кыргызстанга келген түз инвестициялардын көлөмү 1 млрд 850 млн долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн Кыргыз-кытай инвестициялык бизнес форумунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Эрлист Акунбеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын негизги милдеттеринин бири — кызматташтыктын басымдуу бөлүгүн түзгөн соода моделинен инвестициялык өндүрүшкө, технологияларды локалдаштырууга жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна биргелешип […]Читать далее
Кыргыз-кытайлык “Кыргыз Транс Инвест” компаниясы Кытайдын Сиань шаарында аянты 9 гектар болгон Кыргызстандын транспорттук-логистикалык борборун курат. Бул тууралуу Кыргыз-кытай инвестициялык форумунда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров билдирди. Анын айтымында, борбор Сиань – Кашгар – Ош мультимодалдык маршрутунун маанилүү бөлүгү болуп, Ош шаарын аймактагы ири логистикалык хабга айлантууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле Равшанбек Сабиров […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын Кытайга экспорту 73 млн АКШ долларына жетип, 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кыргыз-кытай инвестициялык бизнес форумунда билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн негизги максаты — айыл чарба продукциясын чийки зат катары гана экспорттобостон, кайра иштетүү аркылуу кошумча наркы жогору даяр продукциялардын үлүшүн […]Читать далее
Күйүүчү майлардын баасынын өсүшүнө байланыштуу министрлер кабинети субсидия берүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Кыргыз Туусуна” билдирген. Анын айтымында, субсидия баалар турукташкыча берилет. “Бүгүнкү күндө күйүүчү майдын баасы кымбаттап жатат. Бул дүйнөлүк тенденция. Менин оюмча, баалар бара-бара турукташат. Баалар турукташканга чейин өкмөт субсидия берүүнү чечкен”, – деп белгиледи Амангелдиев. Кошумчалай […]Читать далее