Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков видеомаекте айыл чарба жерлерине каралган салыктык жеңилдиктер тууралуу айтып берди. Ведомстводон маалымдашкандай, ал кабыл алынган салыктык жеңилдиктердин негизги максаты – фермерлердин салыктык жүгүн азайтуу жана агрардык секторду өнүктүрүүгө түрткү берүү экендигин баса белгиледи. Өзгөртүүлөргө ылайык, бул тармакты колдоо максатында айыл чарба жерлерине карата жер салыгынан бошотуу мөөнөтү […]Читать далее
Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу максатында ири бизнести стимулдаштыруу боюнча конкреттүү чаралар көрүлүүдө. Президенттин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинен билдиргендей, “Кыргызстандагы инвестициялар жөнүндө” мыйзамдын жоболоруна ылайык, инвесторлорго министрлер кабинети менен түздөн-түз жекече инвестициялык келишим түзүү мүмкүнчүлүгү берилген. Бул норма кеминде 10 млн доллар өлчөмүндө инвестиция салууга даяр, […]Читать далее
Кыргызстандан малды экспорттоо дээрлик эки эсеге азайды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, малдын экспорту министрлик тарабынан малдын этине баанын негизсиз көтөрүлүп кетишине жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында көрүлгөн чаралардан улам азайган. Айтсак, 2025-жылдын башынан бери Кыргызстандан жалпы 30 493 баш […]Читать далее
“Бишкек” эркин экономикалык аймагы акыркы 2 жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу башкы директору Умбриэль Темиралиев билдирди. Анын айтымында, аймактын ишинин натыйжалары президент Садыр Жапаровдун инвестицияларды активдүү тартуу боюнча тапшырмасы менен түздөн-түз байланыштуу: ЭЭАга келген түз инвестициялардын жалпы көлөмү 2,5 млрд сомго жетти; аймакта 18 жаңы завод курулуп, анын 7 ишканасы ишке киргизилди; мамлекеттик бюджетке […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүнүн кабинетинде мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептөө үчүн “Салыктык милдеттенмелер” модулун киргизди. Ведомстводон билдиришкендей, аталган модулдун жардамы менен “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин расмий маалыматтык базаларынын негизинде мүлк салыгынын суммасы автоматтык түрдө эсептелет. Бул каталарды азайтып, салык милдеттенмелерин аткарууну жеңилдетет. Мүлк салыгын эсептөө жөнүндө кабарламаны алгандан кийин, салык төлөөчүдөн сумманы өз алдынча киргизүү […]Читать далее
2025-жылдын июль айында ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттерде керектөө баалары жана тарифтер жогорулады, бирок Арменияда тескерисинче, 0,8 пайызга төмөндөгөн. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда баалардын 0,6 пайызга өсүшү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин 1,3 пайызга жогорулашы менен шартталган. 2025-жылдын июль айында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу Казакстанда экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли – 7,7 пайызга катталды. Бул […]Читать далее
“Айыл чарбасын каржылоо -13” долбоору боюнча 15-августка карата 6127 насыя берилди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, каржылоонун көлөмү 3 млрд 839 млн 579 миң сомду түздү. Анын ичинен “өсүмдүк өстүрүү” категориясы боюнча жалпы 439 млн 719 миң сомго 896 насыя берилди: “Айыл Банк” ААК аркылуу 218 млн 293 миң сомго 453 […]Читать далее
2025-жылдын январь-июнь айларында бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы чакан ишканаларды эске албаганда 42 миң 20 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,6 пайызга көп. Керектөө бааларынын индексин эске алганда реалдуу эмгек акынын өлчөмү 11,5 пайызга өскөн. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында орточо айлык номиналдык […]Читать далее
Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин департамент башчысы Эрвин Тургунов менен жолугушууда эки тараптуу товар жүгүртүүнүнун олуттуу маселелерин талкулашты, деп маалымдайт өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы. Тараптар Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөт башчыларынын орун басарлары жетектеген жумушчу топ жыйындарын даярдоо, эки тараптуу товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле “Интергласс” […]Читать далее
Кыргызстан менен Өзбекстан ишкерлик байланышын бекемдеп, экспортко болгон тоскоолдуктарды жоюуда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү Өзбекстанда президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапары учурунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча Жол картасынын милдеттерине ылайык иш алып барат. Бул иш-чаралардын алкагында Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин департаментинин башчысы […]Читать далее