2025-жылдын жети айында Өзбекстан Кыргызстандан 580 тоннадан ашуун күрүч импорттогонун өлкөнүн Статистика мамлекеттик комитети маалымдады. Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн мезгил ичинде Өзбекстан жалпы 6,5 миң тонна күрүчтү 2,9 млн долларга сатып алган. Бул көлөмдөгү күрүч 13 ар кайсы мамлекеттен жеткирилген. Негизги күрүч жеткирүүчүлөр катары Казакстан (4,3 миң тонна), Индия (1,1 миң тонна), Кыргызстан (582 тонна), Пакистан […]Читать далее
Бүгүн Кыргызстандын “Кыргыз Экспорт” борборунун директору Урмат Такиров Россиянын эң ири азык-түлүк жана азык-түлүк эмес FMCG товарларын импорттоочуларынын бири болгон “Гранд Трейд” компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Ведомствонун маалыматы боюнча, компаниянын жүгүртүүсү 2024-жылдын аягына карата 2 миллиард АКШ долларынан ашкан. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын продукциясын Россиянын рыногуна жеткирүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. 2025-жылдын октябрь айында Кыргызстандын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылга карата негизги жана маанилүү ишмердүүлүгү тууралуу маалымат. Өлкөнүн энергетика тармагындагы энергетикалык тартыштыкты жоюу, тармакты өнүктүрүү, генерацияны көбөйтүү. Бул Кыргыз Республикасынын Президентинин энергетика тармагына койгон тапшырмасы. Энергетика министрлигинин 2025-жылга койгон планынын негизинде ири ГЭСтерди реконструкциялоо жана кубаттуулугун которуу боюнча алгыктуу иштер аткарылууда. Токтогул ГЭСнин төртүнчү гидроагрегаты реконструкцияланууда. Станцияны реабилитациялоо долбоору 2015–2026-жылдар […]Читать далее
28-августта Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында акциздик маркасы жок товарларды аныктоо боюнча рейд өткөргөн. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Тактап айтканда, Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндөгү жеке ишкерлер У.А.Э. жана С.М.ге таандык ири соода түйүндөрүндө жүргүзүлгөн текшерүү маалында жалпы суммасы 142 811 сомду түзгөн 3 767 даана жасалма суусундуктар […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2025-жылдын пландык мезгилинин айрым иштеринин аткарылышы тууралуу маалымат. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөбүздүн булуң-бурчунда заманбап, сапаттуу жолдорду, көпүрөлөрдү, галереяларды жана тоннелдерди куруу ишин улантууда. Бул ири масштабдагы инфраструктуралык долбоорлор аймактар аралык байланышты бекемдеп, элет менен шаарды жакындатып, жарандардын жашоо сапатын жогорулатууда. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2025-жылдын пландык мезгилинин айрым иштеринин аткарылышы тууралуу маалымат. Кыргыз Республикасынын өнөр жайы өнүгүүнүн жаңы баскычына ишенимдүү кадам таштады. Бул жылы эле жаңы өнөр жай ишканалары ишке кирип, жарандар үчүн жаңы жумуш орундарын жана кеңири мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда. Учурда 2025-жылдын башынан бери (жети ай ичинде) […]Читать далее
Бүгүн өлкө боюнча 67 өндүрүш ишканасы ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөн – Мырза Аке – Кара-Кулжа автоунаа жолунун жана өндүрүш ишканаларынын ачылыш аземинде билдирди. Анын айтымында, президент жыл сайын социалдык объекттерге катарлаш эле 100 өндүрүш объекттисин пайдаланууга берүүнү тапшырган. “Быйыл министрлер кабинети 134 ишканасы пайдаланууга берүүнү пландаган. Эгемендүүлүк майрамына карата 67 […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылга карата аткарган иштеринин айрымдары: – быйыл 2025-жылга карата 10 суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейндеринин (БДР, БСР) курулушу бүтүп ишке берилди. Мындан тышкары 12 объектиде курулуш иштери, 29 объектиде долбоорлоо иштери жүрүүдө; – 430 чакырымга жакын каналдар, 302 гидротехникалык курулмалар, 123 суу […]Читать далее
Бүгүнкү күнгө карата 101 социалдык объект ачылууга даяр. Бул тууралуу Ош шаарында Валентина Терешкова атындагы жатак мектебинин ачылыш аземинде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, президент Садыр Жапаров жыл сайын өлкө боюнча 100 социалдык объекти пайдаланууга берүү тапшырмасын койгон. Бүгүн жүздөн социалдык объекттин курулушу аяктап, колдонууга берилгени турат. Курулуш иштерине жалпысынан 9 млрд […]Читать далее
Курулуш министрлиги 31-августка карата 115 объектти пайдаланууга берилет. Ведомстводон билдиришкендей, министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан 31-августка карата 100 социалдык жана инфратүзүмдүк объектини пайдаланууга берүү пландалган. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги 2025-жылга белгиленген планды ашыра аткарып, 115 социалдык объекттинин курулушун жана капиталдык оңдоо иштерин аяктады. Белгилей кетсек, 2024-жылы Эгемендүүлүк күнүнө карата 107 […]Читать далее