Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын январында 22 млрд 373,3 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. МСКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, белгиленген план 1 млрд 88,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5 млрд сомго көп жыйналган. Анын ичинде 16 млрд 498,7 млн сом суммасында салык жана төлөмдөр жыйналып, план 3,7 млн сомго […]Читать далее
КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору менен Түркиянын экспортчулар ассамблеясы (TЭА) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Бул эки тараптуу соода алакаларына кошумча дем берери белгиленген. Документке 9-февралда Анкара шаарында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын жетекчилиги […]Читать далее
Анкарада өткөн кыргыз-түрк бизнес форумунун жыйынтыгында 1 млрд сомдон ашык суммага экспорттук келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинде: “Дан Агро Продактс” менен “Башан Агро Гида Сан” ЖЧКсынын ортосунда Түркияга 4,6 млн АКШ долларына буурчак өсүмдүктөрүн жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Ve Tic A.Ș. жана 1,8 млн АКШ […]Читать далее
Кыргызстанда 2023-жылы орточо айлык акы 33 миң 258 сомду түздү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди. Анын айтымында, айлык акынын көлөмү 2022-жылга салыштырмалуу 2,3%га өскөн. “Эң олуттуу өсүш мамлекеттик башкаруу, коргонуу, социалдык камсыздоо, суу менен камсыз кылуу жана тазалоо, ошондой эле кыймылсыз мүлк, дүң жана чекене соода, унаа […]Читать далее
Кыргызстан Кореядан 27 млн доллар насыя алат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул өткөн жылы 14-июлда Бишкек шаарында кол коюлган “Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананы функционалдык жакшыртуу” долбоору үчүн Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташтык фондунун, ошондой эле “Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын функционалдык абалын жакшыртуу” долбооруна 2023-жылдын 21-августунда КР министрлер кабинети менен Кореянын Экспорттук-импорттук банкынын (EDCF […]Читать далее
2024-жылдын январында экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүү тенденциясы сакталды, деп билдирди Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева. Анын маалыматына караганда, устүбүздөгү жылдын январында ички дүң продуктынын көлөмү алдын-ала баалоо боюнча, 73 млрд сомду түздү, бул 2023-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 7,4 пайызга көп. Керималиева өсүш товарларды өндүрүүдөн (27,6%), кызмат көрсөтүүдөн (52,2%) жана салыктык түшүүлөрдүн […]Читать далее
Кыргызстандын товарларды тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-декабрында 15,7 млрд АКШ долларын түздү, бул 2022-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 29,9 пайызга көп. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди. Анын айтымына караганда, мында экспорттук жөнөтүүлөр 46,8 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 26 пайызга көбөйдү. Төраганын биринчи […]Читать далее
Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстан менен Түркиянын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн активдүү катышуусунда кыргыз-түрк бизнес форуму өттү. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара 9-10-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Кыргызстандын делегациясынын Түркияга иш сапарынын алкагында өттү. Форумдун жүрүшүндө экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстандын кеңири инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, салыктык […]Читать далее
Кыргызстан Түркияга 400 тонна кыргыз жаңгагын экспорттойт. Мындай макулдашууга эки өлкөнүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынынын жыйынтыгында жетишилди. Отурум 9-февралда Анкара шаарында өттү. КР Экономика жана коммерция министрлигинин Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков билдиргендей, түзүлгөн келишимдин негизинде жаңгактын алгачкы тобу 15-февралда экспорт болууга даярдалууда. Белгилей кетсек, отурумдун ишине […]Читать далее
Анкара шаарында (Түркия Республикасы) Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйыны өттү. Алгач Түркия Республикасынын Анкара шаарына расмий сапар менен келген Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз Түркия Республикасынын Президентинин сарайында салтанаттуу азем менен тосуп алды. Атайын ардактуу кароол […]Читать далее