Кыргызстанда акыркы жылдары балык өндүрүшү 6 эседен ашык өстү
Кыргызстанда балык жана балык продукциясын өндүрүү акыркы жылдары олуттуу өсүшкө жетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык комитетинин жыйынында Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Нуразамат Акпаралы уулу билдирди.
Анын маалыматына ылайык, 2019-жылы өлкөдө 3 миң тоннадан ашык балык өндүрүлсө, 2025-жылдын жыйынтыгында бул көрсөткүч 19,5 миң тоннага жеткен.
Ал ошондой эле департамент акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөрүн белгиледи. Алардын катарына суу объекттеринин паспортун даярдоо, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана балык өстүрүү боюнча биологиялык корутундуларды берүү кирет.
Мындан тышкары, мыйзамга ылайык, балык өстүрүүгө ылайыктуу суу объектилери конкурстук негизде берилери маалымдалды.