Эсептөө палатасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында 722 млн 908,6 миң сомдук финансылык бузуулар жана кемчиликтерди аныктады. Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө бюджетке кайтарылууга тийиш болгон 614,8 млн сомдун ичинен 560 млн 22,3 миң сому жана 3,8 миң доллар кайра өндүрүлгөн. “Аудитте негизги мыйзам бузуулар бюджетке түшүүчү […]Читать далее
Кыргызстанда жүгүртүүдөгү акчанын жалпы көлөмү 2026-жылдын 1-июлуна карата 317 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен 31 млрд 20 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми 286 млрд млн сом банк тутумунан тышкары жүгүртүүдө болгон. “2026-жылдын экинчи чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына өлкө аймагынан 1 трлн 841,6 млрд сом келип түшкөн. […]Читать далее
Эсептөө палатасынын Мамлекеттик салык кызматындагы аудитинин жыйынтыгында салык башкаруусунда жана финансылык тартипте бир катар кемчиликтер аныкталды. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө салык төлөөчүлөрдүн декларациялары, отчеттору жана эсеп-фактуралары боюнча 11 млрд 559 млн сом өлчөмүндө бюджетке түшпөй калуу тобокелдиги аныкталган. Көрүлгөн чаралардын негизинде бул сумманын ичинен 3 млрд 211,3 млн сом кошумча эсептелип, бюджетке кайтаруу иштери башталды. […]Читать далее
2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстанга 64 миң 538 жеңил унаа импорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, алардын жалпы баасы 527 млн 379 миң долларды түздү. Импорттолгон жеңил унаалардын басымдуу бөлүгү Кытай жана Түштүк Кореядан келген. Тактап айтканда, Кытайдан 30 миң 633, Түштүк Кореядан 22 миң 294 унаа алып келинген. Ошондой эле беш ай […]Читать далее
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалды өндүрүү көлөмүн көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, кийинки жылы “Жунда” мунайды кайра иштетүүчү заводунун реконструкциясы аяктап, ишкана жылына 800 миң тоннага чейин К5 стандартындагы бензин өндүрө баштайт. Амангелдиев белгилегендей, учурдагы кырдаалдан чыгуу менен катар, мамлекет […]Читать далее
Дүйнөдө абал турукташса, күйүүчү-майлоочу материалдын баасы сөзсүз түрдө түшөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда мунай баасынын өсүшү негизинен экономикалык факторлорго эмес, рыноктогу тартыштыкка байланыштуу болууда. “Биздин эң негизги максатыбыз бул жылды түзүлгөн келишимдердин негизинде туруктуу аяктоо. Ошол эле учурда кийинки жылга […]Читать далее
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдын (КММ) запасы 1,5 айга чейин жете турган деңгээлге көбөйтүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн негизги максаты калкты туруктуу баадагы күйүүчү май менен камсыз кылуу жана рыноктогу абалды турукташтыруу. “Маселе курчуй баштаганда өлкөдө 2-3 жумалык гана запас бар болчу. […]Читать далее
Экономика жана коммерция министрлиги Москва облусундагы Электросталь жана Тамбов облусундагы Котовск шаарларындагы Wildberries-Russ компаниясынын логистикалык кампаларына жасалган чабуулдан улам жабыркаган ата мекендик ишкерлердин чыгымын баалоо иштерин координациялоодо. Министрликтин маалыматына ылайык, буга карата 21-июлда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Wildberries-Russ компаниясынын өкүлү Александр Воробьев менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда чабуулдун кесепеттери талкууланып, бул окуядан кампаларда товарлары […]Читать далее
Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүү акыркы үч жылда дээрлик эки эсеге өсүп, 2023-жылдагы 117 млн АКШ долларынан 2025-жылы 206,5 млн АКШ долларга жетти. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков менен болгон эки тараптуу жолугушууда билдирди. Министр өз сөзүндө ата мекендик продукциянын Беларуска болгон экспорту 35 пайызга өскөнүн […]Читать далее
Кыргызстан күйүүчү май импорттоп алуу боюнча бир нече өлкө менен кызматташууну күчөтүүдө. Учурда Беларусь менен түзүлгөн келишимдин негизинде күйүүчү май импорттоо боюнча иштер жүрүп, Россия аркылуу транзит маселеси чечилген. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө билдирди. Министрдин айтымында, Беларусь тарап менен сүйлөшүүлөр так жолго коюлуп, күйүүчү май ташыган бир нече вагон жолго […]Читать далее