Электр тармактарында ашыкча жүктөм катталган жок
Кыргызстандын энергетика тутуму 23-июлга карата штаттык режимде иштеп жатат.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган жок. Өткөн суткада өлкөдө электр энергиясын керектөө 44,4 млн кВт/саатты түздү.
“Учурда күз-кыш мезгилине даярдык алкагында электр тармактарындагы объектилерде пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.
Министрлик жарандарды айрыкча электр энергиясы көп керектелген сааттарда, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.