Шаар мэри Айбек Жунушалиев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча айлана-чөйрө маселелери боюнча практика менеджери Гаяне Минасян менен жолукту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, анда тараптар “Абанын сапатын жакшыртуу” долбоорунун алкагында Бишкекте ишке ашырылып жаткан учурдагы демилгелерди талкуулашты. Атап айтканда, “Жашыл алкак” концепциясын иштеп чыгуу, турак жай секторунда жылуулук насосторун пилоттук негизде киргизүү, […]Читать далее
Ысык-Көлдү тор жана таштандылардан тазалоо иштери тынымсыз уланууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Ал жарыялаган сүрөттөрдөн суучулдар тарабынан ондогон метрди түзгөн торлор суудан дагы деле чыгарылып жатканын көрүүгө болот. Белгилей кетсек, көлдү тазалоо аракеттеринин негизги максаты экосистеманы коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу болуп саналат.Читать далее
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаңы жылдык салюттардан баш тартууга чакырат. Ведомствонун маалыматы боюнча, мындай чечим пиротехниканын атмосфералык абага тийгизген терс таасирине байланыштуу. Анткени кыш мезгилинде абаны булгоочу заттардын концентрациясы кескин жогорулайт. Мындан тышкары, пиротехникалык буюмдар олуттуу көлөмдөгү тиричилик таштандыларын чыгарат жана өрт чыгуу коркунучун жогорулатат. Министрлик салюттардын ордуна заманбап экологиялык таза альтернативалар […]Читать далее
Лебединовка айылында экологиялык талаптарды бузган пенопласт чыгаруучу ишкананын иши токтотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Буга чейин Фейсбук социалдык тармактарда аталган ишканадан коюу түтүн чыгып жатканы боюнча видео тараган. Ал пенопласт чыгаруучу “Барс Аю” ЖЧК экендиги такталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ишканада чаң жана газ тазалоочу орнотмонун жоктугу аныкталган. Мындан улам ишканага […]Читать далее
Кыргызстанда тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана Эл аралык тоолор күнүнүн алдында аркар жана тоо текенин популяцияларын көз карандысыз эл аралык мониторинг башталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Мориторинг КР Улуттук илимдер академиясы, Жаратылыш ресурстары министрлиги, президенттин аппаратына караштуу Кыргыз мамлекеттик мергенчилик чарбасы жана чет элдик адистер биргеликте Wild Sheep Foundation`дин каржылык […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов башында турган Кыргызстандын делегациясы жана президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Бразилиянын Белем шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 30-конференциясынын (COP30) расмий ачылыш аземине катышты. 2025-жылдын 10-ноябрында Бразилияда климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун 30-конференциясы башталды, ага эки жуманын ичинде дүйнөнүн 190 […]Читать далее
Бишкектеги атмосфералык абанын булгануусу белгиленген чектен 2,33 эсеге чейин ашты. Бул тууралуу Кыргызгидромет Айлана-чөйрөнүн булгануусун байкоо башкармалыгынын маалыматына таянып билдирди. Ага ылайык, 17-октябрдан 23-октябрга чейин Бишкек шаарынын атмосфералык абасындагы негизги булгануучу заттардын орточо суткалык концентрациялары чектүү деңгээлдеги концентрациядан 2,33 эсеге чейин ашкан. World Air Quality уюмунун сайтындагы бүгүн, 24-октябрга карата жарыяланган маалыматты карасак, Бишкек шаары […]Читать далее
Бүгүн Ак илбирстин эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери «Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт» акциясына катышышты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023–2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелованын катышуусунда өттү. Акция Кыргызстандын туруктуу өнүгүү […]Читать далее
21-октябрга карата 407 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Боршайкомдон белгилешкендей, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат. Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек […]Читать далее
Бишкек шаарында абанын булганышы акыркы жумада нормадан ашты. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти. Айлана-чөйрөнүн булганышына байкоо жүргүзүү департаментинин маалыматы боюнча, 10-16-октябрга чейин Бишкек шаарынын абасындагы негизги булгоочу заттардын орточо суткалык концентрациясы жол берилген эң жогорку өлчөмдөн 2,33 эсеге ашкан. Белгилей кетсек, мындай жагдай калктын ден соолугуна, айрыкча балдар, карылар жана дем алуу органдарынын оорулары бар адамдардын […]Читать далее