Саламаттык сактоо министрлиги жүлүн булчуң атрофиясы менен жабыркаган балдардын абалы тууралуу маалымат берди. Ведомствонун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жүлүн булчуң атрофиясы диагнозу коюлган 39 бала катталган. Алардын ичинен 12 бала дарыланууда: 4 бала чет өлкөлөрдө терапиядан өтүүдө, ал эми 8 бала түздөн-түз Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун бөлүмүндө […]Читать далее
Травматология жана ортопедия улуттук борборун курууга 3 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул каражат президенттик фонддон берилет. “Бул борбор республикалык, керек болсо регионалдык масштабдагы заманбап ортопедиялык борбор болот. Ошондой эле Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттан тышкары дагы […]Читать далее
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда чыккан өрт кырсыгынан кийин улуттук госпиталдын жана республикалык диагностикалык борбордун имараттарына убактылуу көчүрүлгөн бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү толук кандуу жанданып, бейтаптарды кабыл алуу штаттык режимде уланууда. Учурда күнүнө 2-3төн операция жасалып жатканын жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун директору Самидин Шабралиев билдирди. Республикалык диагностикалык борбордо жүрөктүн тубаса кемтиктеринин хирургиясы […]Читать далее
Япония өкмөтү Кыргызстанга 3 миллион 442 миң доллар өлчөмүндө грант бөлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Япония бул акчага Кыргызстандын алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарындагы калкты тейлөө үчүн төрт мобилдик диагностикалык борбор сатып алат. Белгилей кетсек, диагностикалык борбор катары жабдылган төрт жол тандабас болот. Анын ичинде МРТ, КТ, рентген […]Читать далее
Кыргызстанда сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны азайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча 2025-жылдын 9-аптасында (24.02.25 – 2.03.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 9 миң 818 учуру жана сасык тумоонун 58 учуру (и.к. 139,1) катталып, 8-жумага салыштырмалуу (и.к. 142,9) -2,6%га төмөндөдү. Ооругандардын 5,6%ы (557 […]Читать далее
Кыргызстанда сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны азайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча 2025-жылдын 8-жумасында (17.02.25 – 23.02.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 10 миң 82 учуру жана сасык тумоонун 60 учуру катталган, мындай көрсөткүч мурунку жумага салыштырмалуу 6,6% га төмөн. Белгилей кетсек, ооругандардын […]Читать далее
Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча 2025-жылдын 10-февралына карата өлкөдө кызамык оорусунун 2 миң 46 учуру катталган. Маалыматка ылайык, катталган жалпы санды аймактарга бөлүштүрүүдө Бишкек шаары боюнча 1 миң 291, Ош шаары боюнча 95, Ош облусунда 147, Баткен облусунда 44, Чүй облусунда 311, Жалал-Абад облусунда 20, Ысык-Көл облусунда 43, Талас облусунда 40 жана […]Читать далее
Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооругандардын саны азаюуда. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына ылайык, 3-февралдан тарта 9-февралга чейин курч респиратордук вирустук инфекциянын 10407 жана сасык тумоонун 30 учуру катталып, өткөн жумага салыштырмалуу 0,9%га төмөндөдү. Катталгандардын 3,9% (407 учур) ооруканага жаткырылган. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча октябрь айынан бери […]Читать далее
Кыргызстанда жыл сайын 1500гө жакын адам инсультка кабылып, калыбына келтирүүчү жардамга муктаж болот. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Аламүдүн районунун Дачное айылында жайгашкан Республикалык калыбына келтирүү борборуна барган учурда айтты. Ведомстводон маалымдашкандай, министр жумушчу сапарынын жүрүшүндө борбордун иштөө шарттары менен таанышып, анын кызматкерлери менен негизги маселелерди талкуулаа, калыбына келтирүүчү жана адистештирилген медициналык жардам […]Читать далее
2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда кызамыктын 229 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте өткөрүп жаткан кызамык оорусу боюнча көчмө ыкчам штабдын жыйынында белгилүү болду. Ведомствонун маалыматына ылайык, анын ичинде 144 учур Бишкек шаарында катталды. Белгиленгендей, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын аймагында кызамык оорусунун 14 380 учуру, анын ичинен 5 681 учуру […]Читать далее