ОшМУнун медициналык клиникасында алгачкы жолу ашказан рагына чалдыккан бейтапка операция жасалды. Окуу жайдан бидиришкендей, операцияны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы врач-хирург, онколог Жанек Белеков эндокопист, онколог, хирург Өмүрбек Алишов менен биргеликте жасады. “Бүгүн ОшМУнун тарыхында алгачкы жолу ашказан рагына операция жасалды. Операция 4 саатка созулду. Анткени, ракка жасалчу операциялар узак убакыт өтө кылдаттык менен жасалат. Акыркы […]Читать далее
Кыргызстанда 73 жаштагы бейтапка жүрөктүн аорталдык клапанын имплантациялоо боюнча уникалдуу операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Операция октябрь айынын башында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда жасалган. Анда 73 жаштагы абалы өтө оор бейтапка аорталдык клапанды транскатетер аркылуу имплантациялоо (ТАВИ) боюнча жогорку технологиялуу уникалдуу операция ийгиликтүү аткарылды. Бейтапка “Критикалык аорталык стеноз жана […]Читать далее
Жумалык мониторингге ылайык, үстүбүздөгү жылдын 42-жумасында (12–19-октябрь) республика боюнча курч респиратордук вирустук инфекциянын 5 887 учуру катталган (интенсивдүүлүк көрсөткүчү – 81,5), бул көрсөткүч өткөн жуманын деңгээлинде калды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ооругандардын 64,1 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт (3 777 учур). Лабораториялык көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча оорулуулардын арасында күз-кыш мезгилинде салттуу түрдө катталуучу вирустар […]Читать далее
Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында 17-октябрь күнү кезектеги бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти. Таш-Көмүр шаарынын тургуну 45 жаштагы аялга 71 жаштагы апасы донор болуп, бир бөйрөгүн берди. Бүгүн ректор Кудайберди Кожобеков бейтаптын абалынан жана дарыгерлердин ишмердүүлүнөн кабар алды. Операция заманбап лазердик ыкма менен кошумча хирургиялык кесүүсүз жүргүзүлүп, бейтаптардын организмине мүмкүн […]Читать далее
Жыл башындагы оор эпидемиологиялык кырдаалга карабастан, өлкөдө өзгөчө акыркы айларда кызамык оорусу туруктуу төмөндөп жатканы байкалууда. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борбору (РИБ) маалымдайт. Маалыматка ылайык, ооругандардын саны азайды. 2025-жылдын 9 айында өлкөдө кызамык оорусунун тастыкталган 8 949 учуру катталды, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кыйла аз (13 380 учур). Оорунун эң көп төмөндөшү 2025-жылдын сентябрында […]Читать далее
Улуттук госпиталдын базасында мээнин оор кан тамыр ооруларына – аневризма жана артериовеноздук мальформацияга (АВМ) – чалдыккан балдарга жогорку технологиялуу эндоваскулярдык операциялар ийгиликтүү жүргүзүлдү. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, операция Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун жана Улуттук госпиталдын нейрохирургдарынын биргелешкен тобу тарабынан жасалды. Операциялар заманбап ангиографиялык операциялык бөлмөдө, интраоперациялык визуалдаштыруунун эң жаңы ыкмалары колдонулган шартта өттү. […]Читать далее
Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун трансплантология бөлүмүндө бөйрөк алмаштыруу боюнча дагы бир операция ийгиликтүү аткарылды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, реципиент — 33 жаштагы О. Р., ал 1 жыл 9 ай бою өнөкөт бөйрөк оорусунун акыркы стадиясына байланыштуу гемодиализ алып келген. Донор — анын өз агасы 44 жаштагы Т. Н.⠀ Операция ийгиликтүү өтүп, бейтаптын абалы […]Читать далее
Кыргызстанга сасык тумоонун алдын алууга “Гриппол+” вакцинасы келет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти Ведомствонун маалыматы боюнча, сасык тумоонун алдын алуу максатында министрлик 63 миң 734 доза “Гриппол+” вакцинасын сатып алуу боюнча тендер өткөргөн. Учурда вакцинанын келиши күтүлүүдө. Ал акысыз жүргүзүлөт жана биринчи кезекте тобокелдик тобуна кирген жарандар эмделет: – медициналык кызматкерлер; – өнөкөт оорусу […]Читать далее
2021-2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 34 саламаттык сактоо объектиси курулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул үчүн республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесинен жалпы суммасы 5 млрд 973 млн 149,9 миң сом каралган. Облустар боюнча алганда: Жалал-Абад облусунда – 9; Ош облусунда – 8; Ысык-Көл облусунда – 4; Бишкек шаарында – 3; Чүй облусунда – […]Читать далее
2025-жылы өлкөнүн саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каражат 49 млрд сомдон ашты. Бул туруалуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2021-2025-жылдар аралыгында саламаттык сактоо тармагына каралган бюджет дээрлик эки эсе көбөйгөн. Алсак: 2021-жылы – 21 млрд сом; 2022-жылы – 32,4 млрд сом; 2023-жылы – 38,8 млрд сом; 2024-жылы – 40,4 млрд сом; 2025-жылы – 49 млрд […]Читать далее