Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри мырза менен жолугушту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Тактап айтканда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында катарлык жана кыргызстандык адистер тарабынан Кыргызстандагы угуусу начар балдарга бекер операция жасоо […]Читать далее
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2024-жылдын 1-июлунан тартып жаңыланган “Дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуунун жеңилдетилген программалары боюнча орду толтурулуучу дары-дармек каражаттарынын маалымдамасын” ишке киргизди. Фонддон билдиришкендей, ага ылайык камсыздандырылган жарандар дары-дармектерди 50%га чейин арзандатуу менен сатып ала алышат. Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга багытталган жаңыртылган колдонмо төмөнкү өзгөртүүлөрдү камтыйт. 1. Компенсациянын өлчөмүн […]Читать далее
Бишкекте боор алмаштыруу боюнча экинчи операция ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, трансплантологдор тобу боорду алмаштыруу боюнча экинчи операцияны ийгиликтүү аяктады, бейтаптардын гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу. Учурда адистер ооруканада нөөмөттө туруп, бейтаптардын абалына көз салып, аларга керектүү медициналык жардамды камсыз кылышууда. Операция 9 саатка созулуп, ага саламаттык сактоо министри […]Читать далее
Кыргызстанда биринчи жолу жасалып жаткан боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктады. Бейтаптардын гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ооперация 8-9 саатка созулуп, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган түркиялык жана кыргызстандык адистерден турган дарыгерлер тобу тартылган. Реципиенттин да, донордун да гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу. “Операциянын жыйынтыгы биз үчүн канааттандырарлык болду, […]Читать далее
“Боорду алмаштыруу боюнча бардык операциялар президенттин фондунан каржыланат”, – деди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Анын айтымында, боорду алмаштыруу боюнча бир операция 25-30 миң долларды түзөт. “Бардык муктаждар үчүн боорду алмаштыруу боюнча процедураларды жеткиликтүү кылуу үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекет башчысынын жеке фондунан каржылоо чечимин кабыл алган”, – деди ал. Ошондой […]Читать далее
Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштырылат. Операция 10-11-июнда жасалат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2 бейтаптын боору алмаштырылат. Боорду трансплантациялоону жергиликтүү дарыгерлер жасашат. Алар Түркияда боор трансплантациялоо боюнча окуудан өтүп келишкен. Операция учурунда түрк адистери көмөктөшөт. Буга чейин анестезиолог-реаниматолог, эки хирург жана медайымдан турган түрк дарыгерлер тобунун келери айтылган эле. Операцияны утурлай 4-июнда саламаттык […]Читать далее
Кыргызстан түрк адистеринин катышуусунда боор алмаштыруу операциясын жасоого даярданып жатат
Бүгүн, 2024-жылдын 30-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Малатия шаарындагы Түркиянын Инөнү университетине барып, боор алмаштыруу боюнча операциялардын бирине катышты. Ал ошондой эле Түркия тарап менен Кыргызстанда боор алмаштыруу операцияларын жасоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анестезиолог-реаниматолог, эки хирург жана медайымдан турган түрк дарыгерлер тобунун келиши күтүлүүдө. Түркияда боор трансплантациялоо боюнча окуудан өткөн жергиликтүү адистерден турган эки бригада […]Читать далее
Улуттук кардиология жана терапия борборунда нур менен дарт аныктоочу жаңы бөлүмүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Бөлүм заманбап медициналык жабдуулар, анын ичинде жүрөк-кан тамыр системасынын уникалдуу программасы бар магниттик-резонанстык томография, стационардык рентген аппараты жана Ультрадобуштуу диагностикалык аппараты менен жабдылган. Бул аппараттар “Япония өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы” долбоорунун алкагында берилген. Ачылыш аземге Саламаттык сактоо министринин биринчи орун […]Читать далее
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги окуяда жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат берди
КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча жалпысынан 41 жабырлануучу медициналык жардам алууга кайрылса, анын ичинен 20-майдын таңына карата 11 бейтап ооруканада дарыланууда. Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап жатат. Алардын бирине жабык баш мээ жаракаты диагнозу коюлган. Экинчи жабырлануучунун жамбаш сөөгү сынган. Бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда. Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүндө бир жабырлануучу дарылануусун […]Читать далее
Калыбына келтирүү жана спорттук медицина борборунда спортчулар жогорку тактыктагы диагностикага
Бүгүн, 2024-жылдын 14-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Калыбына келтирүү жана спорттук медицина борборуна барып, жаңы санарип рентген-флюорографиялык аппаратты тапшыруу аземине катышты. Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын үч жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков спортчулардын, дарыгерлердин жана машыктыруучулардын биргелешкен эмгеги мыкты жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн баса белгиледи. Ал жаңы жабдуулар үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул кадам кыргыз өкмөтүнүн […]Читать далее