15–17-сентябрда Кыргызстандын чек арага жакын аймактарында Казакстандын тармактык адистеринин катышуусунда эки мобилдик медициналык клиника иш алып барат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, медициналык жардам Аламүдүн районунун Васильевка жана Ысык-Ата районунун Хунчи айылдарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда көрсөтүлөт. Белгилей кетсек, бул иш-чара 15–18-сентябрда Бишкек шаарында өтө турган Казак медицинасынын күндөрүнүн алкагында уюштурулууда.Читать далее
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстан боюнча 73 тез жардам унаасын сатып алууда. Аларды октябрь-ноябрь айларында алуу пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдардын жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, тендер өткөрүлүп, тиешелүү келишимдер түзүлгөн. Унааларды жеткирүү октябрь-ноябрь айларына пландалууда. “Биз 73 тез жардам […]Читать далее
Бишкектеги соода борборлорунун биринде эскалатордун 2-кабатынан кулаган бала күн мурун, 12-сентябрда сакайып, ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, беш жашар А.Б. аттуу бала оор абалда 11-августта Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына келип түшкөн. Бир айга созулган дарылоо жана дарыгерлердин тынымсыз аракетинен кийин оор жаракат алган бала кайрадан басып, […]Читать далее
Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга байланыштуу Талас облусунда медициналык коштоо күчөтүлдү. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, медициналык жардам көрсөтүүгө Бишкектен 4, облустан 8 тез жардам бригадасы тартылып, Талас шаарынын борбордук аянтында 3 медициналык пункт уюштурулду. “11-сентябрга карата медициналык жардам алуу үчүн 220 адам кайрылып, алардын 12си балдар болгон. 16 бейтап кошумча текшерүү үчүн стационарга […]Читать далее
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргызстандагы алгачкы робот-хирургиялык системанын презентациясы өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Иш-чарага министр Дамир Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешов жана Нилуфар Алимжанова, медицина тармагынын өкүлдөрү катышты. Катышуучуларга системанын иштөө мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, министр Дамир Осмонов робот-хирургду өзү сынап көрдү. Анын айтымында, операцияны робот өз алдынча жасабайт, бардык аракеттерди хирург көзөмөлдөйт. […]Читать далее
Кыргызстанда медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо процесси толугу менен санариптик форматка өткөрүлдү. Эми ишкерлер Саламаттык сактоо министрлигине барбастан, лицензия алууга онлайн арыз бере алышат. Ведомстводон маалымдашкандай, реформанын алкагында мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияланган “Саламаттык сактоо тармагында лицензиялоо” маалыматтык системасы иштелип чыгып, өнөр жайлык эксплуатацияга киргизилди. Жаңы система аркылуу ишкерлер керектүү документтерди электрондук түрдө тапшырып, мамлекеттик […]Читать далее
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда жеринде 1 577 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, медициналык камсыздоого 340тан ашуун медицина кызматкери тартылган. Мындан тышкары, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн алкагында негизги беш жайдан сырткары спортчулар жана оюндардын катышуучулары жайгашкан 20дан ашык объект текшерүүгө алынды. Аталган объектилерде 3 684 лабораториялык изилдөө жүргүзүлдү. “VI Дүйнөлүк […]Читать далее
Кыргызстан 2027-жылга карата борборлоштурулган сатып алуулар үчүн дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды түрк өндүрүүчүлөрүнөн түз жеткирүүнү жолго коюуну пландоодо. Бул тууралуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, сатып алуу иштерине даярдыктын алкагында ишкананын директору Акылбек Туратбек уулу Түркияда иш сапары менен болуп, бир катар ири фармацевтикалык компаниялар менен жолугушууларды өткөрүүдө. “Негизги максат — ортомчуларсыз түз келишимдерди […]Читать далее
Кыргызстанга 150 миң долларлык робот-реабилитолог берилди. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия улуттук борборунун директору, академик Сабырбек Жумабеков билдирди. Сабырбек Жумабековдун айтымында, бул жабдуу операция жана травмадан кийин бейтапты калыбына келтирүүдө колдонулат. Кайтарым негизде берилген заманбап жабдуу күн мурун Травматология жана ортопедия улуттук борборуна тапшырылды. Белгилей кетсек, робот-реабилитолог буга чейин медицина тармагындагы кызматташуу тууралуу жетишилген макулдашуунун […]Читать далее
Кыргызстанда инсульт менен жабыркаган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иштер күчөтүлүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында инсульт борборлорунун ишин уюштуруу, бейтаптарды багыттоо жана дарылоо тартибин жөнгө салган документтер бекитилди. Ошондой эле мамлекеттик медициналык уюмдарда тромболитикалык терапия системалуу түрдө колдонулуп, механикалык тромбэктомия ыкмасын киргизүү уланууда. Бүгүнкү күндө тромболитикалык терапия өлкөдөгү 10 […]Читать далее