Кыргызстанда билим алып жаткан чет элдик студенттер онлайн окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда ЖОЖдордун жатаканаларында жана хостелдерде жашаган студенттердин коопсуздугун камсыздоо максатында күзөттөр уюштурулду. “Биз ректорлор менен чукул жыйын өткөрүп, чет элдик студенттерди онлайн окууга өткөрдүк. Ошондой эле […]Читать далее
Жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу Бишкектин 26 мектеби онлайн окутууга өтөт. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт. Маалыматка ылайык, 18-майдан 20-майга чейин Ленин районунун №9, 13, 31, 68, 72, 84, 93, 96 мектептери аралыктан окушат. Ал эми 22-24-майга күндөрү Биринчи май районунун № 6, 24, 27, 28, 69, 83 мектептери онлайн окуу режимине өтөт. Свердлов районунда 18-майдан […]Читать далее
Бүгүн билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Малайзия Королдугунун жогорку билим берүү министри Замбри Абдул Кадир менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп, анда Кыргызстан менен Малайзия Королдугунун ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөнүн багыттары талкууланды. Догдуркүл Кендирбаева өз сөзүндө Кыргызстандын билим берүү жаатындагы […]Читать далее
Кыргызстанда биринчи жолу бүтүрүүчүлөр электрондук аттестат алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Министрликтин маалыматына караганда, 2023-2024-окуу жылында 11-классты 73 миң 51 окуучу, ал эми 9-классты 128 миңден ашык окуучу бүтүрөт. “Бул окуу жылында биринчи жолу бүтүрүүчүлөргө кадимки кагаз аттестат менен катар электрондук аттестат дагы берилет. Ал эми 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө билими тууралуу электрондук […]Читать далее
Быйыл Кыргызстанда 73 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-2024-окуу жылында 11-классты 73 миң 51 окуучу аяктаса, ал эми 9-классты 128 миңден ашык окуучу бүтүрөт. Белгилей кетсек, өлкөнүн бардык мектептеринде “акыркы коңгуроо” салтанаты 25-майда өтөт.Читать далее
Кыргызстанда 8-майга карата 63 миң 144 бала электрондук түрдө 1-класска катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнөн билдиришти. Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча: Ош облусу – 12 526; Жалал-Абад облусу – 12 353; Чүй облусу – 9 519; Баткен облусу – 7 529; Ысык- Көл облусу – 5 794; Нарын […]Читать далее
Кыргызстандын ЖОЖнан этникалык кыргыздарга 75 квота бөлүндү. Бул тууралуу КР билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Сынакка этникалык кыргыздар – Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Пакистан Ислам Республикасынын жарандары катыша алышат. Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин https://student.edu.gov.kg/ онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз […]Читать далее
2024-2025-окуу жылына карата балдарды “Акылман” президенттик лицейине кабыл алуу талаптары өзгөртүлдү. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. Лицейге кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлүп, тандоого жеке менчигине жана тибине карабастан Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмундарында учурда 6- жана 8-класста “жакшы”, “эң жакшы” баада окуган окуучулар катыша алат. Тандоонун жыйынтыгында жалпы 6-класстар […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн 29-апрелге карата берген маалыматына ылайык республика боюнча 59 миң 80 бала катталды. Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча: Ысык- Көл облусу: 5547 (жалпы квота – 13 миң 821) Жалал-Абад облусу: 11443 (жалпы квота – 34 миң 778) Нарын облусу: 3709 (жалпы квота – 7 миң 741) […]Читать далее
Азербайжан 2025-жылдан тарта жогорку окуу жайларда бакалавриат программалары боюнча билим алуу үчүн Кыргызстандын жарандарына беш квоталык орун бөлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады. Мындай макулдашууга 24-апрелде президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган. Эки тараптуу макулдашуу долбоорунда көрсөтүлгөндөй, акысыз окуган студенттерге стипендиялар төлөнөт. Ошондой эле Азербайжандын улуттук мыйзамдарына ылайык, […]Читать далее