Жалал-Абад шаарындагы мечиттин аймагын мыйзамсыз менчиктештирип алгандыгы үчүн КР Мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) адиси кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. УКМК жер мыйзамына байланыштуу коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы «Соолихин» мечитинин аймагындагы жер тилкесин мыйзамсыз ээликтен ажыратуу фактылары аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2016-жылы аталган «Соолихин» мечитинин мурдагы имамы Б.А.А., КМДБнын адиси […]Читать далее
Ошто 404 млн сомдук 12,3 га жер тилке күнөсканасы менен мамлекеттин менчигине кайтырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Мады айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок участкасында орун алган 12,30 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, Мады айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок участкасында жайгашкан […]Читать далее
Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде туризмди өнүктүрүүгө багытталган ири реконструкция иштери жүргүзүлөт. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, музей Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жаткан “Регионалдык экономикалык өнүгүү” долбоорунун алкагында реконструкцияланат. Ага жалпысынан 12 млн доллардын тегерегинде каражат бөлүнүүдө. Бүгүнкү күндө долбоордун илимий концепциясын жана долбоордук-сметалык документациясын даярдоо иштери акыркы баскычка жетти. Бул иштердин негизинде […]Читать далее
Нарын облусунда жыл аягына чейин 5 энергетикалык объект ишке берилет. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, энергетика тармагын өнүктүрүү жана кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында курулуп жаткан объекттердин катарын төмөнкүлөр бар: Нарын РЭТтин Нарын шаарында жайгашкан административдик кеңсеси. 3 кабаттуу, заманбап архитектуралык стилде курулуп, жалпы аянты 920 м² түзөт. Куруучу: ЖЧК “Гранд Строй KG”; Ат-Башы РЭТтин электр […]Читать далее
Чүй облусундагы балык чарбаларына ири инвентаризация жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Суу жана агрардык комплекстерди жөнгө салуу боюнча мамлекеттик комитетинин карамагындагы Балык өнөр жай комплексинин департаментинин буйругунун негизинде Кемин, Ысык-Ата, Аламүдүн жана Чүй райондорунда жайгашкан балык чарбалары жана мыйзамсыз пайдаланылган суу сактагычтар боюнча инвентаризация жана мониторинг […]Читать далее
Бүгүн Ош шаарындагы эт сатуучу жайларда эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мониторингдин жыйынтыгы менен мал эти Ош шаарында жайгашкан соода түйүндөрүндө, борбордук базарда 680 сомдон, кой эти 680 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды. Мониторинг учурунда кызматкерлер тарабынан уй, кой эттерин сатуучуларга бааны негизсиз көтөрүүгө жол бербөө жана […]Читать далее
Жалал-Абад шаарынын аталышы Манас шаары болуп өзгөрүшү мүмкүн. Мэриядан билдиришкендей, мындай сунушту бүгүн, 3-сентябрда мэр Эрнисбек Ормоков шаардык кеңештин кезексиз сессиясында сунуштап, депутаттар бир добуштан колдоп берди. Белгилей кетсек, шаардын атын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору эми Жогорку Кеңеште каралып, мыйзамга президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.Читать далее
Кара-Суу районундагы 229 млн сомдук кыш заводу жана 2,4 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Манас (мурдагы – Нариман) айыл өкмөтүндө жайгашкан 2,4 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, Манас айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан […]Читать далее
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Жалал-Абад облусунун жаңы административдик имаратында алгачкы жыйын өттү. Атайын кызматтан билдиришкендей, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Жалал-Абад шаарынын аймагына АТРдин алкагында кошулган айылдарды картадан көрсөттү. Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын башкы планын түзүү зарылдыгын белгилеп, тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырма берди. Ал шаардагы курулуштар […]Читать далее
Жалал Абад облусундагы Майлуу-Суу айнек заводу бюджеттик каржылоонун негизинде 1 млрд сомго жаңыртылып, заманбап өндүрүштүк кубаттуулук менен иштей баштады. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жаңыдан курулган имараттар жана реконструкцияланган цехтер аймактагы айнек идиш өндүрүшүнүн деңгээлин олуттуу жогорулатат: Жаңы имарат – 1278 чарчы метр болуп, айнек цехине кошулду. Айнек цехинин […]Читать далее