Сузакта Кара-Суу дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, жакын жашаган тургундар эвакуацияланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн саат 15:30дар чамасында Аксы районуна караштуу Кара-Камыш айыл аймагына кыска мөөнөттө жааган жамгырдан Кезарт сел каналынан суулар ашып, Кара-Суу дарыясына толуп, жакын жайгашкан 56 турак үйгө суу каптоо коркунучун жараткан. Жерине райондук өзгөчө кырдаалдар […]Читать далее
Ошто селден улам үйү кооптуу абалга келгендерге 1 млн сомдон берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Оштогу селдин кесепеттери менен жеринен таанышуу учурунда айтты. Муниципалитеттен малымдашкандай, ал иш сапарынын алкагында Ош шаарынын борбордук базарында болуп, соодагерлер менен жолугушуу өткөрүп, сел жана суу ташкындарынын […]Читать далее
Ош шаарындагы борбордук базар көчүрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев селден жапа чеккен жарандар менен жолукканда билдирди. Анын айтымында, базар дагы селдин кесепетинен жабыркабашы үчүн толугу менен көчүрүлөт. Анткени сел болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. “Эртең болобу, бир айдан кийин болобу, бир жылдан кийинби дагы сел болушу мүмкүн. […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусундагы сел жүргөн аймактардагы абал менен таанышууда. Жеринде Камчыбек Ташиев тик учак менен Ош облусунун жана Ош шаарынын сел каптаган аймактарындагы абалды көрүп чыкты. Ал өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов жана […]Читать далее
Жалал-Абад шаарындагы “Асман резиденс” 1,2,3 ипотекалык турак жайларын куруу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, турак жай комплексиндеги үйлөр “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында карапайым калкка 25 жылга ипотекага берилет. “Жобого ылайык, комплекс жалпысынан 639 батирден туруп, балдар үчүн аянтча жана паркингди камтыйт. Журак жайлар […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылынын эли үчүн жаңы оорукана курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда оорукананын курулуш-монтаждоо иштери 75 пайызга бүткөрүлүп, имараттын сыртын жасалгалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Объекттин курулушу 2019-жылдан бери республикалык бюджеттен каржыланып келет. Имарат эки кабаттан туруп, жалпы аянты 2 379 […]Читать далее
Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик ипотека программасынын алкагында жаңы “Асман резиденс №1 Ош” турак жай комплексинин курулушуна капсула салынды. Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, ага президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК төрагасы Темиркул Балтабаев, муниципалдык ипотекалык ишканасынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышышты. Жалпы аянты […]Читать далее
Бүгүн, 17-июлда Талас шаарында 310 батирлүү ипотекалык үйлөрдүн курулушуна мезгил кутусу салынды. Аталган иш-чарага президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, президенттин өкүлү Нурлан Дарданов, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев, Талас шаарынын мэри Эрмат Жумаев , Талас районунун акими, “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК төрагасынын орун басары жана башкалар катышты. Анда Каныбек Туманбаев ѳлкѳ башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы […]Читать далее
Ош шаарына Өзбекстандын Андижан облусунан селден жабыркагандар үчүн гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Гумантирдык жардамды Андижан облусунун губернатору Шоятбек Абдрахманов алып келип, аны “Достук” чек ара бекетинен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Тышкы иштер министрлигинин жана Өзбекстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү тосуп алышты. […]Читать далее
Ош облусундагы селден улам зыянга учураган суу объекттерин калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, 14-июлдагы катуу нөшөрлөгөн жамгырдан кийинки селдин кесепетинен 15тей суу курулмалары жабыркаган. Зыянга учураган суу объекттери: Ноокат районундагы “Күңгөй”, “Сапарбаев-1” чарба аралык каналдары; Кара-Суу районундагы “Ак-Буура” […]Читать далее