Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда абал толук жөнгө салынып, жол тыгыны жоюлду. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Сосновка жана Арал постторунда жеңил унааларга коюлган чектөө алынды. Ал эми оор жүк ташуучу транспортторго киргизилген чектөө күчүндө калтырылды. №9 Жол тейлөө ишканасы кошумча тартылган техникалардын жана жумушчу күчтөрдүн жардамы менен жолду тазалоо, кеңейтүү иштерин […]Читать далее
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал – Казарман тилкесинде эки жерден таш кулап, жол убактылуу жабылды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Арал – Казарман тилкесинин 270-271-чакырым аралыгына жаандан улам тоо бетинен таштар кулап, жолду жаап калган. Жолго түшкөн таштын көлөмү болжол менен 3 миң куб метрди түздү. Ошондой эле Арал – Казарман участогунун 243-296-чакырым […]Читать далее
Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагындагы Жаңы-Барак айылында 101 турак үйдүн курулушу аяктап калды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Президенттин өкүлү Элчибек Жантаев биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев менен биргеликте аталган айылга барышты. Өкүл алгач тийешелүү жетекчилер менен биргеликте Барак эсклавынан көчүрүлүп чыккан жарандарга курулуп жаткан турак жайлар менен таанышып, жакында аларды […]Читать далее
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Баткендеги бир катар обьектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын жана жылуулук тармагын текшерди. Ведомстводон билдиришкендей, алгач министр Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров менен биргеликте Сүлүктү шаарындагы тараза көзөмөлдөө пунктуна барып, ташылып жаткан көмүрдүн сапаты, аларды онлайн режиминде көзөмөлдөө, таразага тартуу иштери менен жеринде таанышты. Андан кийин мэр министрди Сүлүктү шаарындагы И.Бектемиров атындагы […]Читать далее
Бишкек-Ош унаа жолунун тоолу аймактарында кар калың жаагандыгына байланыштуу “Чычкан”, “Сосновка” көзөмөл өткөрмө жайларында унаа кыймылына чектөөлөр киргизилди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Эске салсак, саат 08:30га карата жеңил унаалар Ош тараптан Бишкек тарапка өткөрүлүп жаткан. №9 Жол тейлөө ишканасынан 10 кызматкер, 2 грейдер, 2 жүктөгүч, […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарга кар көчкү түшүүсү күтүлүп жатканын билдирди. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2024-жылдын 15-октябрынан 17-октябрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-135-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. “Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл […]Читать далее
Бийик тоолуу унаа жолдору жаз мезгилине чейин жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-борбору маалымдады. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун Кара-Буура ашуусундагы каттамы жана Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусундагы каттамы 14-октябрдан баштап жабылды. Белгиленген унаа жолдорунда өзгөчө кырдаалдын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында Чаткал жана Сузак райондук […]Читать далее
Баткен облусунда 25 социалдык жана жаа өндүрүш объектилери ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Объектилер Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата пайдаланууга берилди. Алар: Баткен Электр тармактар ишканасынын административдик имараты; Баткен шаарындагы 7 кызматтык турак үйлөр; Баткен шаарынын борбордук стадионундагы спорт зал; Баткен шаарынын “Жеңиш” эс […]Читать далее
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 86-чакырымындагы айланма жолдун жээгине 400 даана мажүрүм тал жана 660 даана көк терек көчөттөрүн отургузуу өнөктүгү өткөрүлдү. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Президент Садыр Жапаров демилгелеген “Жашыл мурас” улуттук программасынын алкагында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана айлана-чөйрөнү жакшыртуу максатында уюштурулду. […]Читать далее
Бүгүн саат 08:25те Ош облусунун Өзгөн районунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Сейсмология институтунун берген такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 4 баллга жеткен. Жер титирөө Чымбай, Бакмал, Мырза-Аке, Куршаб, Кароол, Шералы айылдарында жана Өзгөн шаарында 3 балл, Мырза-Арык айылында 3,5 баллга (Кароол айылынан 30 чакырым түштүк батышта, Мырза-Арык […]Читать далее