Алай районунун К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Чий-Талаа айылындагы Б.Абжапаров атындагы мектептин бош турган имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, “Акпари эне” балдар бакчасы ачылып, пайдаланууга берүү аземи өткөрүлдү. Салтанаттуу ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Азамат Кожомамбетов, айыл аймак активи, айыл […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаевдин тапшырмасы менен «Микро, чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо» долбоорунун алкагында Нарын жана Ысык-Көл облустарынын ишкерлери менен жеринде жолугушуулар өткөрүлдү. Финансы министринин орун басары Руслан Татиков Кочкор районундагы жана Чолпон-Ата шаарындагы ишкерлердин бизнес объектилерин кыдырып чыкты. Ишкерлер пайызсыз насыя алуу боюнча тажрыйбалары тууралуу айтып, сатып алынган жабдууларды көрсөтүп, ишмердүүлүгү менен […]Читать далее
Бүгүн, 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кара-Жыгач айыл аймагына караштуу Тор-Камыш айылындагы унаа жолду асфальттоо жумуштары менен таанышты. Алсак, Нурланбек Шакиевди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тиешелүү жетекчилер коштоп жүрөт. Бир жарым чакырымдан ашык узундуктагы аталган жол буга чейин талапка жооп бербей, туурасы 3-3,5 метрди гана […]Читать далее
Кыргызстандагы “HELVETAS” уюмунун “Бай Алай” программасы, Ага Хан фондусу тарабынан уюштурулган “Айыл күнү – 2023” жарманкеси болуп өттү. Иш-чарага Щвейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин эл аралык өнөктөшүү жана өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Рено Винье, Филиал Ассоциации HELVETAS Swiss Intercooperation ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы директору Анна Элизабет Хелена де Беер, Ага Хан фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Давлатсултон Доргабекова, Чоң-Алай […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун район-шаарларындагы таштанды таштоочу жайларды эффективдүү пайдалануу багытындагы жыйын өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Кыргызстандагы “Азамат-Бол” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Али Маматалиев катышты. Жолугушууда аталган жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан таштандыны кайра иштетүү, аянттарын зыянсыздандыруу, экологияны сактоо жана жергиликтүү бюджетке кошумча […]Читать далее
Бүгүн, Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылында 75 орундуу “Таберик – Эмгек Талаа” балдар бакчасы ишке берилди. Аталган бала бакчанын курулушу 2015-жылы башталып, 8 жылдан бери каражаттын жетишсиздигинен бүтпөй турган. Президенттин көптөн бери токтоп турган социалдык объектилерди бүткөрүү тапшырмасынын негизинде курулуш иши улантылып, жаңы окуу жылына карата айыл элине белек кылынды. Курулуш ишин “М-Стард” курулуш ишканасы жүргүздү. […]Читать далее
Бүгүн, 29-августта Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Булуң айылында 100 орундуу бала бакча ачылды. Аталган бала бакча Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун түздөн-түз тапшырмасы менен салынып берилди. Себеби өлкө башчысынын 2021-жылдын 18-июнда Ат-Башы районуна болгон иш сапарында Кара-Булуң айылынын эли менен жолугушууда ушул айылга бала бакча зарылдыгы боюнча айыл тургундарынан кайрылуу жолдонгон. Президент элдин […]Читать далее
Өлкөнүн Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-августта саат 15:37де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Таш-Короо, Эңилчек, Кургач айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
2023-жылдын 28-август күнү Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана билим күнүнө карата Баткен ОИИБнын жетекчилиги гарнизондук кароо өткөрдү. Гарнизондук кароого Баткен ОИИБдин, шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы, ИИМдин Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери, жоокерлери жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен облусундагы өзүнчө ротасынын күжүрмөн кызматкерлери, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн, ошондой […]Читать далее
КР Талас облусунун 2023-жылдын I-жарым жылдыгына республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган каражаттар: Бюджеттер аралык трансферттер : Талас облусу боюнча 2023-жылдын республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары жалпысынан 144,7 млн сом акча каражаты каржыланган, алар: Теңдөөчү трансферт (ВГ) – 112,4 млн. сом; Максаттуу трансферттер (ЦТ) катары жалпы 32,3 млн. сом Регионду өнүктүрүү фонддору боюнча: Талас облусу […]Читать далее