Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата токой чарбасынын Гумкана токойчулугунун Таш-Булак участкасында 15 га аянтка 6 миң түп жаңгак көчөттөрү отургузулду. Токой кызматынан билдиришкендей, көчөт отургузуу иштери күн мурун, 6-апрелде “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында ишке ашты. Иш-чара “Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн” коомдук уюму, Токой кызматы, Маданият министрлиги, спорт, маалымат жана жаштар саясаты […]Читать далее
Нарын шаарында коомдук танспорттор текшерилди. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү Нарын шаарынын автобекетинде жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттордун айдоочулары менен жеринен жолугуп, текшерүү жана жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Текшерүү учурунда техникалык бузуулары бар маршруттук унааны каттамга чыгаргандыгы үчүн, кошумча жабдууларды мыйзамсыз орноткондугу […]Читать далее
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмү капиталдык оңдоодон өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Имаратты оңдоо иштерине жалпы 40 млн сом жумшалып, энелер үчүн керектүү шарттар түзүлгөн. Төрөт бөлүмүнүн ачылышына президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев катышып, мында түзүлгөн шарттар кубандырарын айтты. Ошондой эле ал жалпы […]Читать далее
Ысык-Көл облусунда 2024-жылдын 3 айында 70 жол кырсыгы катталды, деп билдирет “Кабар” агенттигине Жол кыймылыныны коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан. Ведомствонун маалыматына караганда, кырсыктан 17 адам каза болуп, 114 жаран ар кандай жараат алган. Күн мурун Ысык-Көл облусунда жол кырсыктарын алдын алуу жана ага карата тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү багытында жыйын өттү. Жыйын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо […]Читать далее
Жалал-Абад облусу боюнча алты жерде ипотекалык үйлөр курулууда, жалпы 2 миң 744 батир. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө курулуш иштери кызуу жүрүүдө. “Тааныш-билишти салып эч ким алдыңкы кезекке тура албайт, колунда барларга 3,4төн үй алганга жол бербейбиз. Президенттин тапшырмасы менен ипотекалык үйлөр буюрса чыныгы муктаждарга берилет”, – деди […]Читать далее
Баткен облусунда коомдук жайда кылмыштардын саны кескин азайды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти. Милициянын маалыматына караганда, 2024-жылдын 3 ай ичинде облустун аймагында коомдук жайларда болгон жалпы кылмыштардын саны 15 болсо, ал эми былтыр бул мезгилде 75ке жеткен, ошентип бул жылы 60 кылмышка аз катталды. Белгиленгендей, мындай көрсөткүч облустун аймагында коомдук тартипти камсыздоо максатында иштердин […]Читать далее
Акыркы 3 жылда Нарын облусуна 230дан ашык жаңы техникалар алынды. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Акыркы 3 жыл аралыгында Нарын облусунун калкты тейлөө тармактарына мамлекет тарабынан 230дан ашык жаңы техникалар алынды. Алсак, аймактарды ирилештирүү реформасынын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жаңыдан түзүлгөн 27 айыл өкмөткө […]Читать далее
Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Жалал-Абад облусунда аныкталган мыйзамсыз 10 объекттин тизмесин жарыялады. 1. Көк-Арт Жаштык No23 көп кабаттуу үйдүн курулушу “Дост-Курулуш” ЖЧКсы. Жеке ишкер Бекбоев Э.С жаткан объектилердин реестрине 2023-жылдын 17-мартындагы №68 реестрине киргизилген. 2. Мамыр-Батыр көчөсүнө көп кабаттуу турак жайдын курулушу “Аманат Курулуш” ЖЧКсы. 3. Сузак районунун Лавдан-Кара көчөсүндөгү көп […]Читать далее
Күн мурун Аксы районунун Коргон-Дөбө айылындагы №12 К.Шеркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, курулушка капсула салуу иш-чарасына Жогорку Кеңештин депутаты Г.Култаева, Аксы районунун акими З.Сыдыков, Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Т.Узенбаев, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.К.Нурманбетов, подрядчы “Найман ПМК” […]Читать далее
Учурда өлкөбүздүн бардык аймактарында “2023-2027-жылдардагы тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдык иш-аракеттери” боюнча маалымат берүү жана түшүндүрүү өнөктүгү жүрүп жатат. Кыргыз Республикасы тоо күн тартибин илгерилетүү, тоо экосистемаларын жана тоолуу региондордун жашоочуларынын көйгөйлөрүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча демилгени көтөрүп, глобалдык деңгээлде тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча эл аралык аракеттерге жигердүү катышууда. […]Читать далее