Майрамдык салтанат Т.Кулатов атындагы борбордук стадиондо өзгөчө шаң менен өтүүдө. Шаар калкын КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев,КР Жогорку Кеңешинин депутаты Ырысбек Атажанов,шаар мэри Асилбек Жоробаевдер куттуктады. Алгач маданият кызматкерлери тарабынан шаардын түзүлүүсү,түптөлүүсү сахналаштырылды. Көрүүчүлөргө белгилүү кыргыз эстрадасынын жылдыздары Темир Назаров, Иляз Абдразаков, Айжамал Кабылова, Сайкал Садыбакасова, Нурайым Акылбековалардын жагымдуу чыгармалары тартууланууда.Читать далее
Иш чара илимий конференция менен башталып ага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев,Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов,шаар мэри Асилбек Жоробаевдер баш болгон жетекчилер, облустун активи жана Кызыл-Кыя шаарын буга чейин жетектеген жетекчилер, тарыхчылар катышты. Конференцияда шаардын түзүлүү,түптөлүү тарыхы тууралуу докладдар окулуп,шаардын өнүгүүсүнө салым кошкон бир катар инсандарга сыйлыктар тапшырылды. Мааракенин урматына шаарда […]Читать далее
2023-жылдын 20-октябрь күнү Алай районунун Сары-Таш айыл аймагында жаңыдан курулган 5 бөлмөлүү айылдык милиция бөлүмчөсү пайдаланууга берилди. Бул имарат жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын каржылоосу менен тургузулду. Айылдык милиция бөлүмчөсүнө интернет желелери тартылып, жылуулук түтүктөрү орнотулган. Сары-Таш айылдык милиция бөлүмчөсү район борборунан алыскы аралыкта жайгашкан. Бул аймакта кыш мезгили дээрлик 7 айга […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Жапалак айылындагы “Акылтай” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылыш аземине катышты. Облус башчысы өз сөзүндө Кыргызстаныбыздын жаркын келечеги ар бирибиздин жоопкерчилигибизден көз каранды экенин жана татыктуу тарбия, терең билим алуу мамлекеттин келечегине чоң салым болоорун баса белгилеп, жаңы билим уясы менен жергиликтүү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары 2 күндөн бери Нарын облусун кыдырып, элдин көйгөйлүү маселелери менен жеринде кабар алууда. Кечээ, 16-октябрда Кочкор, Жумгал, Нарын райондорунда болгон эл өкүлдөрү бүгүн Нарын шаарындагы № 10-Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектептин жана Нарын облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн имаратын көрүштү. Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектептин имараты […]Читать далее
Жалал-Абад облусунда 448 калктуу конуштун 74% ы жогорку ылдамдыктагы интернет-байланыш менен камсыздалган. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов Көк-Жаңгак шаарындагы Ломоносов атындагы №6 орто мектебинде Digital CASA-KR долбоорун ишке ашыруунун презентациясы учурунда билдирди. Ал ошондой эле мамлекеттик тапшырык боюнча “Кыргызтелеком” ААКнын Жалал-Абад облустук филиалы Digital CASA-KR долбоорунун алкагында бул аймактагы була-оптикалык […]Читать далее
Бүгүн, 14-октябрь күнү, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Сай айылында 96 үй-бүлөгө ылайыкташтырылган “Үмүт” социалдык шаарчанын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Долбоор ыйгарым укуктуу өкүлдүн демилгеси менен “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмесинин колдоосу астында ишке ашырылды. Ага жергиликтүү бийлик 3 гектар жер аянтын ажыратып берген. Шаарчада тигүү цехи, фельшерлик-акушердик пункту (ФАП), азык-түлүк дүкөнү, мечит жана […]Читать далее
Бүгүн 13-октябрда КР Баткен облусунун түзүлгөн күнүнө арналган иш чара “Апаз Жайнаков” атындагы музыкалык драма театрында өттү. КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облус калкын куттуктап, “байманалуу Баткенибиздин баркын убакыт өткөн сайын сезип, туюп турабыз. Кыргызстандын тынчтыгы, өнүгүүсү үчүн, аймактын коопсуздугу канчалыкмаанилүү экенин болуп өткөн окуялар далилдеди. Өлкөнүн эң алыскы, стратегиялык маанилүү […]Читать далее
Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл Жылдыз айылындагы К.Акыев атындагы 225 орундуу мектепте курулуш иштери аяктады. Объектти куруу 2016-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Бүгүнкү күндө билим уясынын курулуш-монтаждоо иштери жана спорт зал корпусу толук бүткөрүлдү. Ал эми мектептин айланасын жашылдандыруу жумуштары дээрлик аяктап калды. Ушул жылдын 16-октябрында мектеп окуучуларга пайдаланууга тапшырылат.Читать далее
Баткен шаарында жугуштуу оорулардын алдын алуу жана тамак-аштан ууланууну болтурбоо максатында рейддик иш чаралар уланууда. Шаар мэринин буйругуна ылайык атайын комиссия түзүлүп, соода-сатык түйүндөрүндөгү азык-түлүк продукциялары текшерилди. Анда мөөнөтү өтүп кеткен, сапатына негизделген сертификатар жана продукцилардын санитардык абалы текшерилди. Рейддик текшерүүнүн жүрүшүндө дүкөндөрдө чыгарган жана сактоо мөөнөтү көрсөтүлбөгөгөн, мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөр табылып, сатыктан алынды. […]Читать далее