Бүгүн, 16-апрелде Нарын шаарынын РТС аймагында 9 кабаттуу ипотекалык турак үйдун курулушу башталып, капсула салуу аземи болду. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Иш чарага КР Президентинин иш башкаруучусу К.Туманбаев, “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун жетекчиси А.Шыкмаматов, КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – […]Читать далее
Жалал-Абадда нөшөрлөгөн жаандан улам турак жайлардын короосун суу каптоодо. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда аймакта катуу жаан жаап, анын кесепетинен шаарда жайгашкан ички арыктарга сел суулары толуп, турак жайлардын короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн суу каптоодо деген кабар түшкөн. Жерине Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси Маматкулов баштаган […]Читать далее
Бишкек – Ош унаа жолунун 426-чакырымында тоо боорунан таштар түшүп, жол бир тараптуу жабык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жеринде кызматкерлер жана тиешелүү техникалар иштеп жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашуулар аркылуу жолго чыга турган айдоочуларды жанына керектүү шаймандарды алып жүрүү менен каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так […]Читать далее
Нарын шаарында 9 кабаттуу ипотекалык турак үй курулат. Ал төрт блоктон туруп, 216 батирлүү болот. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, учурда курулуштун алгачкы жумуштары башталды. Нарын шаарынын РТС аймагынан жер аянты бөлүнүп берилип, турак жайдын долбоордук-сметалык документтерин даярдоо жумуштары башталган. Облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун көзөмөлү менен документтери толук бүткөрүлдү. Ушу тапта суу, […]Читать далее
Баткенде дүйнөдө сейрек кездешкен, Кызыл китепке кирген Айгүл гүлү гүл ачты. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, буга чейин 2026-жылдын 1-апрелине чейин сейрек кездешүүчү Айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында жарандарга “Айгүл-Тоо” жаратылыш коругуна кирүүгө тыюу салынган. Белгилеп кетүүчү жагдай, “Айгүл таш” коругу 2008-жылы Баткен облустук токой чарба бөлүмүнө өткөрүп берилген. 2001-жылы тоонун тескей […]Читать далее
Жалал-Абадда Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Россия менен Кыргызстандын аймактарынын достук паркы курулууда. Фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков КРнын Президенти Садыр Жапаровго курулуштун башкы планы менен тааныштырды. 2023-жылдын октябрында КРнын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук бул долбоорго капсула салган. Аталган паркты курууга Россия Федерациясынын өкмөтү грант […]Читать далее
Чүй облусунун тургундары үч жума ичинде 2357 тонна таштанды чогултушту. Өкмөт тарабынан демилгеленген үч айлык көрктөндүрүү программасынын алкагында Чүй облусунун жашоочулары облусту иретке келтирүү үчүн өз жашаган аймактарында ишембиликтерге чыгышты. Чүй облусунун тургундарынын активдүүлүгү абдан жогору болуп, ишембиликке 37601 адам катышты. Тургундар 1456 гектар аянтты тазалашып, тазалоо иштерине 271 техника тартылган. Ошондой эле 32186 көчөт, […]Читать далее
Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагына караштуу Сары-Жайык участкасына 10 гектар аянтка 6 400 даана бадам көчөтү отургузулду. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков, райондук мекеме-ишкана жамааттары, жалпы 800дөн ашуун жергиликтүү тургундар катышты. КР президентинин жарлыгын ишке ашыруу максатында, райондогу бош […]Читать далее
Чүй облусунун тургундары ишембилик учурунда 350 тоннадан ашык таштанды чогултушту. Өкмөт тарабынан демилгеленген үч айлык көрктөндүрүү программасынын алкагында бүгүн, 13-апрелде Чүй облусунун тургундары облусту иретке келтирүү үчүн өз жашаган аймактарында ишембиликке чыгышты. Тургундар активдүү болуп, 9496 адам ишембиликке катышты. 360,75 гектар аянт иретке келтирилип, андан 358,6 тонна таштанды чыгарышты. Ошондой эле 17383 […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында жаңы IT борбор — IT-RUN ACADEMY ачылды. Мында каалоочулар программалоо тилдерин жана IT тармагындагы билим берүү программаларын үйрөнө алат. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунан билдиришкендей, академия өзүнө колледжд, кошумча билим берүү курстарын, стажировка жана коворкинг борборун камтыйт. Мында Python, JavaScript, CSS, HTML, AI (жасалма интеллект), веб иштеп чыгуу, маалымат базалары, компьютердик сабаттуулук курстары, […]Читать далее