Ош шаарында мыйзам талаптарын бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Ош региондук мамлекеттик-архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы “ЭУМ” ЖАК тарабынан Ноокат районунун борбордук бөлүгүндө курулуп жаткан соода борбордун курулушуна пландан тышкары текшерүү жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгында ченемдик укуктук актылардын бузулган фактылары аныкталып, […]Читать далее
Бүгүн саат 17:55те Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Токтогул районунун Торкен, Кара-Жыгач айылдарында 3 баллга (Торкен айылынан 7 чакырым түштүк чыгышта, Кара-Жыгач айылынан 8 чакырым түндүк батышта) чейин сезилген. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда өзгөчө кырдаалдар режими жарыяланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Күн мурун Ысык-Көл районунун аймагында катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Белгилей кетсек, кечээ саат 21:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду Темир айылдарын жана “Ысык-Көл Аврора” […]Читать далее
Ысык-Көл районундагы селге байланыштуу облустук жарандык коргонуунун штабдык жыйыны өттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жыйында селден жабыркаган аймактарда кесепеттерин жоюу үчүн ыкчам аракеттерди көрүү жана кечиктирилгис иш-чараларды уюштуруу маселелери каралды. Сел сууларынан жабыркаган Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн Темир, Корумду, Булан-Сөгөттү айылдарына облустук Жарандык коргонуу тутумунун күч-каражаттарын жетиштүү деңгээлде тартуу жана башка район шаарларында абалды […]Читать далее
Ысык-Көл облусунда нөшөрлөгөн жаандан улам Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына караганда, Тоң жана Ысык-Көл райондорунда селден улам бир катар унаа жолдор, ошондой эле Григорьевка капчыгайы аркылуу Кырчын жайлоосуна барчу жол жабылды. Учурда Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Тоң райондорунда жамгыр катуу жаап […]Читать далее
Ысык-Көл облусунда саат 21:30га карата катуу жамгырдын кесепетинен айрым жолдор жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына караганда, учурда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл, Тоң райондорунда жамгыр катуу жаап жатат. “Автоунаалардын жолго жүрү санын азайтуу зарыл, жергиликтүү бийлик менен биргеликте иш алып барылып, Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна өзгөчө кырдаал (ЧС) […]Читать далее
Раззаков шаарынан мыйзамсыз жеке менчикке алынган жер тилкесин мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан жер мыйзамдарын бузууларды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Раззаков шаарындагы С.Сыдыков атындагы борбордук парктын аймагындагы жалпы аянты 0,053 гектар жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп берүү фактысы аныкталды. Учурда бул жерде мейманкана бизнеси […]Читать далее
Талас облусунда төө буурчактын жаңы сорту өстүрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Талас облусунун фермерлери негизинен төө буурчак (фасоль) өстүрүү менен алектенишет, бирок акыркы отуз жылдан бери селекция жана үрөнчүлүктүн жоктугунан сортту жаңылоо иштери жүргүзүлбөй, түшүмдүүлүк жана продукциянын сапаты төмөндөп кеткен. “Бул көйгөйдү […]Читать далее
Нарын шаарына алынып келинген электр автобустар салтанаттуу тапшырылды. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Коомдук унаалар облус жетекчиси Алтынбек Эргешов демилгелеген “Нарын-реновация” долбоорунун алгачкы компоненттеринин бири. Нарын шаарынын элин коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатындагы аракеттердин натыйжасында КР Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду аркылуу 7 жылга […]Читать далее
Баткенде быйыл 22 обьектин курулушун бүткөрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Республикалык бюджеттин эсебинен, быйылкы жылы облуста 68 объекттин курулушу титулдук тизмеге кирген. Анын ичинен 29 объект капиталдык курулуш, 19 объект капиталдык оңдоп түзөө, 9 объект таза суу түтүкчөлөрүн тартуу жана 11 объект […]Читать далее