Быйыл Сузак районунун Масадан айылындагы Фуркат атындагы 624 орундуу мектептин курулушун бүткөрүү пландалууда. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 1989-жылы башталып, каржылоо жоктугунан токтоп турган. “Билим берүү уясынын курулушу 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоору кайрадан иштелип чыгып, курулуш иштери жанданган”, – деп айтылат маалыматта. Долбоор боюнча, […]Читать далее
Бүгүнкү күнгө карата Ысык-Көлдөгү селде болжол менен 21 гектар айдоо аянты жабыркады. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Дилбара Үсөнбаева билдирди. Анын айтымында, учурда селден кийин Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир жана Кашат айылдарында Жарандык коргонуу кызматтары айыл чарба тармагындагы жабыркаган аймактарды изилдеп жатат. “Бүгүнкү күнгө карата берилген маалыматтар боюнча, Ысык-Көлдөгү селде 21 […]Читать далее
Күн мурун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагындагы селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүп, 25 үй тазаланды. Муну менен толук тазаланган үйлөрдүн саны 276га жетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тазалоо иштерине жалпы 927 адам, 66 инженердик техника, 3 өрт өчүрүүчү унаа, 4 ассенизатор, 66 атайын техника, 3 өрт өчүрүүчү унаа, 8 мотопомпа тартылды. Сел калдыктарынан […]Читать далее
“Өзгөн Автобекети” ААКты мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызматтын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылы 29-июлда Өзгөн шаарынын аянты 0,74 га ири инфраструктуралык объектисин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын жашыруу, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында өзгөчө ири өлчөмдө (1 млн 500 миң сом) пара берүүдө Салык кызматынын Ири салык төлөөчүлөрдү […]Читать далее
“Жеткиликтүү турак жай” программасы аркылуу турак жай алуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, муниципалдык ипотекалык ишкана ипотекалык жана үлүштүк курулуш шартында калкты турак жай менен камсыз кылуу багытында 2024-2027-жылдарга “Жеткиликтүү турак жай” программасынын концепциясын иштеп чыккан. Анын алкагында бүгүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы менен “Айыл Банк” […]Читать далее
Тоңдогу Зындан көлү жырылып, суу каптоо коркунучу жаралгандыктан жергиликтүү тургундар эвакуцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу айылындагы Тоң суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Буга байланыштуу Туура-Суу айылынын 90 жашоочусу жана Балык завод тилкесинен 70 адам жакынкы Эшперов жана Ак-Сай айылдарына көчүрүлдү. Учурда куткаруучулар жеринде тактоо, […]Читать далее
Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагындагы катталган сел процесстерине жеринде изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Белгилей кетсек, 18-августта нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон топтолуп түшкөн сел суулары Садыр-Аке айыл аймагынын Темир, Булан-Сөгөттү жана Корумду айылдарын каптаган. Учурда ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери жеринде кечиктирилгис визуалдык жана […]Читать далее
Бүгүн Кочкор районунун Мантыш айылында социалдык шаарча ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, шаарчада 30 үй-бүлө жашай турган турак үйлөр, мектеп, бала бакча, мечит, тигүү цехи, ашкана жана фельдшердик-акушердик пункт бар. Турак үйлөрдүн ачкычтары аз камсыз үй-бүлөлөргө салтанаттуу түрдө тапшырылды. Социалдык шаарчанын ачылыш аземине президенттин […]Читать далее
Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылында Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келген этникалык кыргыздарга курулуп жаткан жеке турак үйлөрдүн курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, үйлөрдүн ачкычын Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамын утурлай тапшыруу пландалууда. Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Тендердик баасы 82,9 млн сомду түзөт. […]Читать далее
Бүгүн, 20-августта таң эрте сел кесепеттерин жоюу иш-чараларын улантуу үчүн жалпы 755 адам жана 59 атайын техника тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Белгиленгендей, анын ичинен ӨКМден 358 куткаруучу, 7 инженердик техника жана 8 мотопомпа чыкты.Ал эми облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 397 кызматкер жана 33 ХОВО, 16 жүктөгүч, 7 экскаватор жана 3 ассенизатор […]Читать далее