Бүгүн Жалал-Абад шаарында Перинаталдык борбордун курулушуна капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирет. Маалыматка ылайык, объекттин курулушуна республикалык бюджеттин эсебинен 2023-жылы акча каражаты каралып, долборлоо-сметалык документтери иштелип чыккан. Мамкурулуш тарабынан Мамлекеттик сатып алуу процедурасы өткөрүлүп, подряддык уюм тандалып алынып, учурда объектте жер казуу жумуштары башталган. Эскерте кетсек […]Читать далее
Каракол ат майданынын келечеги талкууланды Бүгүн, 12-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров саяпкерлер, көк бөрүүчүлөр жана жылкы менен алек болгон жарандар менен жолугушуп, Каракол шаарынын ипподромду өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады. Облус жетекчиси ипподромдун азыркы абалына тынчсыздануусун билдирип, аны реконструкциялоонун зарылдыгын белгиледи. «Ипподром бир гана мелдеш өткөрүүчү жай эмес, туристтерди тартуучу жана […]Читать далее
Баткен облусунда абоненттерге акылдуу электр эсептегич орнотулууда. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы маалымдады. Баткен электр тармактар ишканасы керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында жашаган обоненттерге жалпы 7008 даана акылдуу электр эсептегичтерди орнотууда. Кыргызстан улуттук электр тармагы ААКнун өздүк эсебинен келген бул акылдуу […]Читать далее
Тогуз-Торо районунунда кышкы спорттун түрлөрү жанданууда. Бул тууралуу КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Отор Чопиев атындагы Тогуз-Торо райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебинде кыш спорттун түрлөрүн жандандыруу максатында лыжа, конькилер алынып атайын командалык оюнчулар машыктыруучулар тарабынан даярдалууда. Максаты Тогуз-Торо районунда кышкы спорттун түрү боюнча команда түзүү жана кышкы туризмди өнүктүрүү. Аталган спорт мектебинин командасы алгачкы […]Читать далее
“Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагына полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, мындай чечим “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө” жана “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун эске […]Читать далее
Талас шаарынын мэриясы Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы жана Талас ШИИБ менен биргеликте базардын айланасын иретке келтирүү иштерин улантууда. Бүгүн, 11-январда базардын айланасына ыңгайлуу шарт түзүү максатында башаламан соода жүргүзүп жаткан соодагерлерге каршы көзөмөл иштери жүргүзүлдү. Рейддик иш-чаранын алкагында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуарларды тосуп, өзбилемдик менен соода жүргүзүп жаткан сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тротуарлар иретке […]Читать далее
Сузак районундагы Жалал-Абад-Благовещенко унаа жолунун 1-чакырымында жайгашкан жаңы көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүп, январь айынын аягында бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаева социалдык баракчасына жазды. Белгилей кетсек, 2022-жылы катуу жүргөн селдин кесепетинен жараксыз абалга келген көпүрөнүн ордуна былтыр жаңысын салуу үчүн республикалык бюджеттен атайын каражат каралып, курулуш иштери октябрь айында башталган. […]Читать далее
Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Самаркандек айылында логистикалык борбордун курулушу башталды. Керектүү жабдыктар келип түштү. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты. Логистикалык борбордун курулушу аяктаса, жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгакоо жана тоңдуруу үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт. Борбор жеке ишкер Махамат Жумабаев тарабынан каржыланып жатат. Ошондой эле USAID уюмунун Агро соода долбоору колдоо көрсөтүп, жалпы суммасы 50 миң […]Читать далее
Өзгөн айланма жолун куруу үчүн Кара-Дарыянын жээги бекемделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин президент Садыр Жапаров Өзгөн шаарын айланып өткөн айланма жол куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Мындай чечим Бишкек — Ош унаа жолунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде жол кыймылын азайтуу […]Читать далее
Баткенде аялдар үчүн заманбап спорт зал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Жаштардын жана аялдардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, спорт менен машыгууларына шарт түзүү максатында Баткен районунун чек арада жайгашкан Самаркандек айылынын Орто-Сай жерлигинде курулушу башталган спорт зал, пайдаланууга берилди. Бул жай облуста кыз-келиндер үчүн курулган […]Читать далее