2024-2028-жылдары Ош облусунда туризмди өнүктүрүү үчүн алгылыктуу иштер жасалат. Бул тууралуу Ош облусунун жана Ош шаарынын туризм боюнча кеңешинин кезектеги отурумда айтылды. КР Туризм департаментинен билдиришкендей, анда туризмди туруктуу өнүктүрүү, инфратүзүмдү жакшыртуу жана туризмге инвестиция тартуу маселелери каралды. Жыйынга президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Ш.Козубаев, Туризм департаментинин директору Н.Миңбаев, “КР туризмди өнүктүрүүнү колдоо […]Читать далее
Баткен облустук милициясы 2023-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун 327 учурун каттаган. Бул тууралуу бүгүн ИИОнун былтыркы жыл ичинде аткарган ишинин жыйынтыгы чыгарылган отурумда айтылды. Облустук милициянын тараткан маалыматына таянсак, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү тарабынан 327 коргоо ордери берилген. Жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынга Баткен ОИИБнын жетекчилиги, бөлүм башчылар, облус аймагындагы район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары жана алардын орун […]Читать далее
Баткенде зордук зомбулуктун алдын алуу маселеси каралды. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу окулунун басма соз кызматы маалымдады. 16-январь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы, калкты социалдык жактан коргоо жана балдардын укуктары боюнча облусттук координациялык кеңешменин отуруму өттү. Анда 2023-жыл ичинде балдарга жана аялдарга карата зордук зомбулуктун алдын алуу […]Читать далее
Баткен облусунун туристтик потенциалы жогору. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев аймактагы туризмди өнүктүрүү кеңешинин отурумунда билдирди. Жыйынга облус башчысы бдикарим Алимбаев, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Нурмухамед Миңбаев, жергиликтүү жетекчилер жана туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышты. Алгач Баткен облусунун аймагын комплекстүү өнүктүрүүнүн модели катары Мадыген геопаркын […]Читать далее
Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Бак-Четин кыштоосуна көлөмү болжол менен 5 миң куб метрди түзгөн кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жерге-Тал айылынын 11 тургунуна таандык 82 кой, 2 эчки, 3 баш бодо малды кар көчкү басып калган. Мындан сырткары, кыштоого каттоочу жолу да жабылган. Жерине Нарын райондук өзгөчө […]Читать далее
Нарын облусун өнүктүрүү программасы иштелип чыгууда, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан. Өнүктүрүү программасы КР министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасына ылайык, жогорку окуу жайлардын илимий кызматкерлери менен бирге иштелип чыгууда. Бүгүн президенттин өкүлчүлүгүндө Нарын облусунун өнүктүрүү планын иштеп чыгуу боюна жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик […]Читать далее
Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна кайрадан кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы маалымдады. Кар көчкүлөр аталган жолдун 88-89-чакырым аралыгына түшкөн. Көлөмдөрү такталууда. Азыркы тапта Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №26 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду тазалап жатышат. Кошумча маалымат берилет. Белгилей кетсек, бүгүн, 16-январга караган түнү саат 03:00дор […]Читать далее
Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылындагы көп жылдан бери курулушу бүтпөй келген №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгунүн басма сөз кызматынан билдиришти. Мектеп 225 окуучулук орунга ылайыкташкан, анын курулушу республикалык бюджеттен каржыланган. Мектептин ачылышына Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев баштаган жергиликтүү бийлик […]Читать далее
Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык административдик-аймактык реформаны жүргүзүүгө жооптуу комиссиянын биринчи отуруму болуп өттү. Комиссиянын төрагасы болуп президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Азиз Садырбеков, орун басарлыгына Түп районунун акиминин биринчи орун басары Руслан Сарымсаков дайындалды. Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, облустук юстиция башкармалыгынын, архивдин жана инфокомдун адистери кирген комиссия райондорго барып практикалык […]Читать далее
Бүгүн, 12-январда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук фактыларын алдын алуу боюнча кеңешме өткөрүлдү. Жыйында КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурбек Сатаров тарабынан тиешелүү тармак адистерине коомдук уюмдар менен бирге бирдиктүү иш алып барып, коомдогу терс көрүнүштөрдү алдын алуу тапшырмасы берилди. Өз деңгээлинде иш алып […]Читать далее