Баткенде жыл башынан бери 45 чакырым жол асфальтталды. Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, 2025-жылы 118 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган болсо, 9 ай аралыгында 45 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 315 млн сомдук жумуш аткарылды. 2022-2024-жылдары 171 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 180 чакырымга шагыл жол салынды. Ал үчүн 2 млрд 286 млн 700 миң сом бөлүнгөн.Читать далее
Жаңы Баткен шаарынын долбоорлоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун “Жаңы Баткен” шаарын куруу демилгеси президент Садыр Жапаров тарабынан колдоо тапты. Ага ылайык, Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылында 760 гектар жер аянты трансформацияланды. Анда 100 миң адамга ылайыкталган экологиялык жашыл курулат. […]Читать далее
Ноокен районунун дыйкандары быйыл пахтадан мол түшүм алууда. Учурда 2286 тонна пахта жыйналды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, дыйкандар Казакстандан жергиликтүү ишкер тарабынан сатып алынган 2 даана “JOHN DEERE” пахта жыйноочу комбайнды иштетүүдө. Бул техника 1 гектар аянтты бир күндө жыйнап берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, дыйкандардын ишин бир топ […]Читать далее
Айтматов районунун Чоң Кара-Буура айылынын дыйкандары алмадан мол түшүм алууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Өзбекстан жана Түркия дан алып келинген көчөттөр 4,5 гектар жерге тигилип, жыл сайын орто эсеп менен 80 тонна алма алынат. Алманын бүгүнкү күндөгү базар баасы 40 сомдон бааланууда. Жыйналган түшүм […]Читать далее
8 ай ичинде Ош облусунда 62 чакан жана орто ишкана ачылып, анын эсебинен 973 жаңы жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн президенттин аймактагы өкүлү Элчибек Жантаевдин ишкерлер менен жолугушуусунда айтылды. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда 2025-жылдын январь-август айларында облуста жалпы көлөмү 13 млрд 170 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу […]Читать далее
Кытайдын мамлекеттик курулуш компаниясы Ош шаарына инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Күн мурун мэр Жеңишбек Токторбаев Кытайдын мамлекеттик “Шаньдунь” курулуш компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Калаа башчы инвесторлорго шаар бийлиги коопсуздукту камсыздап, шарт түзүп иштешүүгө кызыктар экенин, учурда эки чоң ири Кытайлык компания менен жумуш жүрүп жаткандыгын айтты. Инвесторлор “Шаньдунь” курулуш компаниясы бир кылымга […]Читать далее
Ош шаарынын мэриясынын электр унааларын кубаттоочу станциялары ишке берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, 20 даана электр унааларын кубаттоочу станция Алымбек датка көчөсүнө орнотулду. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, төрага Болот Баетов жана шаардыктар катышты. Жалпы 30 жабдуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде алып келинген. Калган 10у калаанын башка аймактарына орнотулат. Бул станцияларды […]Читать далее
Кечээ, 14-сентябрда Токтогул шаарында толугу менен жаңыланган Эргеш Ормонов атындагы стадион салтанаттуу түрдө ачылды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышып, жаңы аренадагы алгачкы оюн – «Токтогул» менен «Базар-Коргон» командаларынын беттеши менен уланды. Ташиев бул стадион жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, улуттук биримдикти жана достукту чыңдоого өбөлгө болорун белгиледи. […]Читать далее
Баткен облусунда 860 миң тонна көмүр өндүрүлдү. Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, бул көлөм 2025-жылдын январь–август айларында облустагы 40тан ашык көмүр өндүрүүчү ишканалар тарабынан казылган. Көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербөө максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмү көмүрдүн дүң баасын макулдашуу боюнча Сүлүктү жана Раззаков шаарларында көмүр казуучу компаниялардын жетикчилери жана башкы эсепчилери менен жолугушууларды өткөрүп, […]Читать далее
Баткен облусунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, облустук штаб жер-жерлерде кышка камылга белгиленген планга ылайык жүргүзүүдө. Учурда штабдын мүчөлөрү район-шаар, айыл аймактарда, социалдык жана административдик объекттердин от казандарынын жана жылытуу системаларынын даярдыгын, көмүр камдоо иштерин жеринде көрүүдө. Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларында, Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунда […]Читать далее