Сүлүктү шаарында Исхак Раззаковдун айкели орнотулду. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Кыргыз Эл Баатыры, мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун айкели Сүлүктү шаарынын борбордук аянтына орнотулуп, салтанаттуу ачылуу аземи өттү. Иш чарага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров,Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров, […]Читать далее
Баткенде 14 миңден ашуун бүтүрүүчү мектепти аяктады. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Баткен облусунун бардык билим берүү мекемелеринде “Акыркы коңгуроо” аземи салтанатуу белгиленди. КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров Раззаков шаарындагы √1- мектеп гимназиясынын “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышып, окуучуларды,бүтүрүүчүлөрдү,мугалимдерди куттуктап, ишинде […]Читать далее
Бүгүн, 25-майда Ош облусунун бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өттү. Мамлекеттик билим берүү мекемелеринде өткөрүлгөн майрамдык иш-чараларга КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары, РМАнын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты. Майрамдык иш-чаранын алкагында Ош облусунун башчысынын орун басары Талантбек Арстанкулов Кара-Суу районундагы К.Эрматов атындагы орто мектебинде, Илияз Ташбаев […]Читать далее
Бүгүн, 24-майда Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында 20 койкага ылайыкталган, 2 кабаттуу оорукананын курулуш иши башталды. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин аталган айылда 1957-жылы ашар жолу менен курулган 5 орундуу оорукана алыскы айыл калкына кызмат көрсөтүп келген. Оорукананын имараты авариялык абалда болгондуктан быйыл республикалык бюджеттен […]Читать далее
Быйыл “100 өнөр жай – 2024” иш-чарасынын алкагында Ош шаарында ири өндүрүштүк ишканалар ишке киргизилет. Бул тууралуу шаардын мэриясынан маалымдады. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата өлкө боюнча 100 өнөр жай ишканасы ишке киргизилет. Анын ичинде Ош шаары боюнча да ири өндүрүштүк ишканаларды ишке киргизүү пландаштырылган. Бүгүн, бул максатта Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары […]Читать далее
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Баткенде 12-үй тибиндеги балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Баткен районунун Кара-Бак айылында “Сакина” үй тибиндеги балдар бакчасы ачылып, 25 балага билим тарбия бере баштады. КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков бакчанын ачылуу аземине катышып, айыл элин, балдарды куттуктады. Белгилей […]Читать далее
Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев Орто-Токой суу сактагычындагы жана башка көлмөлөрдөгү суунун көлөмүн жана деңгээлин текшерди. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Азыркы учурда облустун негизги суу сактагычтарында 625,17 млн кубметр суу топтолгон, бул жалпы көлөмдүн 100%ын түзөт. Белгилей кетсек, өткөн жылдын ушул мезгилинде суунун көлөмү 467 млн кубметр, же жалпы көлөмдүн 75%ын түзгөн. […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында курулган асфальт-бетон заводу иштеп жатат. Муниципалитеттен билдиришкендей, завод саатына 80 тонна асфальт чыгарып, өндүрүлгөн асфальт шаар көчөлөрүнө төшөлүүдө. Эскерте салсак, 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен 111,54 млн сомго аталган завод курулуп, 4 даана “Шахман” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу, 1 даана “Портер” үлгүсүндөгү автоунаа сатып алынган. Учурда […]Читать далее
Жалал-Абад шаарынын Түмөнбай Байзаков проспектиси менен Нагима Айтматова көчөсүнүн кесилишинде жаңы сквер курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Сквер куруу үчүн “Бакыт телеграф” деп аталып келген соода жайы жана анын айланасындагы соода түйүндөрү, тез татым жайлары буздурулат. Учурда сквердин долбоору даярдалды. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.Читать далее
Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Кара айылында 50 орунга ылайыкташкан балдар бакчасы, ФАП жана мечиттин ачылуу аземи болуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Жанаша жайгашкан үч объект, Бүткүл Дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын колдоосу менен курулду. Салтанаттуу иш чарага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим […]Читать далее