Чек арада жайгашкан Баткен районунун Актатыр, Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Сай айыл аймактарындагы 30 аял, атайын окутуулардан өтүп, өз ишкердигин баштады. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. 14 аял тигүүчүлүк боюнча, 1 аял- мототакси кызматын уюштуруу, 2 аял- малина өстүрүү, 2 аял- азык-түлүк дүкөнүн ачуу, 8 аял- кондитердик азыктарды даярдоо, […]Читать далее
Жалал-Абад электр тармактар ишканасы 2024-жылдын май айына чейин 13 947 даана “акылдуу эсептегич” орнотуу пландалган. Учурда Жалал-Абад ЭТИ тарабынан эсептегичтерди орнотуу иштери жүрүп жатат. “Акылдуу эсептегич” калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо менен бирге керектөөчүлөр үчүн да бир топ ыңгайлуулук жаратат. Алсак, ашыкча электр жабдууларын жүктөөдөн коргоого жардам берип, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууну эскертип турат. […]Читать далее
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы үч мектепке заманбап жабдуулар жана окуу китептери тапшырылды. Парламенттен билдиришкендей, депутат Русланбек Жакышов Жогорку Кеңештин төрагасынын резервдик фондунан каралган каражатка алынган компьютер жабдууларын жана китептерди Маданият айылында жайгашкан Молдогазы атындагы Урмарал орто мектебине, Үч-Эмчек айылындагы Бердике уулу Нарикбай орто мектебине, ошондой эле Өзгөрүш айылындагы Субан Собуров орто мектебине тапшырды. Агартуучулар менен […]Читать далее
Өзгөндө ок атуучу куралды колдонууга уруксат алган мекемелер, дүкөндөр жана мергенчилер текшерилди. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан ок атуучу куралды жана жардыруучу заттарды колдонууга уруксат алган мекемелер, дүкөндөр жана мергенчилер текшерилди. Анда мергенчи катары каттоодо турган 236 жарандын, […]Читать далее
Балыкчы шаарында уникалдуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси – “Этно-бала бакчанын” салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров, Балыкчы шаарынын активи жана меймандар катышты. Бул инновациялык долбоор, өсүп келе жаткан муунга кыргыз элинин каада-салтынын, нарк-насилинин жана маданий мурасынын адатында тарбияланууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Облус жетекчи […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Эл аралык Гуд Нейборс Эл аралык гуманитардык уюмунун өкүлдөрү жана райондук администрациялардын башчыларын кабыл алды. Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (20%) менен эл аралык гуманитардык бейөкмөт Гуд Нейборс Эл аралык уюму (80%) 15 жылга кызматташуу келишимин түзүп, Кыргызстанда 4 жыл бою долбоорлорду ишке ашырышты. Бул […]Читать далее
Бүгүн Ош шаарынын Жапалак аймактык башкармалыгынын Орке айылында эски мектеп бала бакчага өзгөртүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, №36 “Керемет дүйнөсү” бала бакчасынын ачылыш аземине мэрдин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Бексултан Үсөнов, шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Эскерте кетсек, буга чейин 2023-жылдын сентябрь […]Читать далее
Күн мурун, 1-февралда Талас районуна караштуу Көк-Токой айылында Ш. Шеркулов атындагы 275 орундуу мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, имараттын ачылыш аземине Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана анын орун басары Т. Иманакун уулу катышты. Аталган мектептин окуу корпустарынын эскилиги жетип, Мамкурулуш тарабынан […]Читать далее
Бүгүн, 1-февралда Бакай-Ата районуна караштуу Кыргызстан айылында 375 орундуу мектептин расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мектептин ачылыш аземине Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана анын орун басары Т. Иманакун уулу менен катышты. Мектептин курулушу КР президентинин тапшырмасына ылайык республикалык бюджеттин эсебинен […]Читать далее
Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Самаркандек айылында логистикалык борбор курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты. Логистикалык борбордун жалпы аянты 0,2 гектарды түзөт. Мында жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгакоо жана тоңдуруу үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн. Борбордун ачылышына Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, USAID Агросоода долбоорунун жетекчиси Максат Исаков, Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун […]Читать далее