Ош шаарынын күнүнө карата майрамдык иш-чара чоң программадагы концерт менен жыйынтыкталды. Майрамдык концерт саат 19:00дө башталып, ага 20 миңге жакын шаар тургундары жана коноктору күбө болушту. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаар күнү менен жалпы келген конокторду, шаар тургундарын майрам менен куттуктады. Гала-концертте Өзбекстандын белгилүү ырчысы Озода Нурсаидова, Керим Турапов, Гулжигит Сатыбеков, Эрлан Андашев, Нурлан […]Читать далее
Ысык-Көл районунун Темир айылында селден жабыркагандарга үйлөр курула баштады. Бул Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ыоайык, министрлер кабинетинин тапшырмасы менен Ысык-Көл районунун Тамчы айылына Мамкурулуш тарабанынан Royalsafa уюмунун демөөрчүлүгү менен 5 турак үйдүн курулушу башталды. Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында 2024-жылдын август айында селден жабыркаган Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл […]Читать далее
Бишкек – Баткен багыты боюнча биринчи жолу учкан «Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Баткен шаарына конду. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Учактын алгачкы каттамын КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон жергиликтүү жетекчилер салтанаттуу тосуп алышты. Жаңы учак […]Читать далее
Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жалпы көлөмү 24 000 куб метрди түзгөн 4 даана таза суу кампасынын курулуш иштерин көрүп чыкты. Шаар башчысы суу кампаларын сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү тапшырмасын койду. Эске салсак, буга чейин да Ош шаарында жалпы көлөмү 24 000 куб метр болгон 4 суу кампа курулуп, пайдаланууга берилген.Читать далее
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы май куюучу жайдын 12 млн сомдон ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМКнын тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагынын балансына май куюучу жайдын жер участогу кайтарылды, анын болжолдуу баасы 12 млн 300 миң сомду түзөт. Мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары жеке ишкер менен […]Читать далее
Бүгүн Ош шаарында окуучулар үчүн атайын автобустардын алгачкы каттамы ишке кирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бул демилге Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылды. Аталган автобустар күнүнө үч жолу, эрте менен, түшкүсүн, кечкисин акысыз каттайт. Автобустар төмөнкү багыттар боюнча каттайт: №1 мектептик автобустук каттамы Н.Исанов көчөсүндөгү троллейбустун акыркы аялдамасы – А.Шакиров – А.Масалиев […]Читать далее
Кыргызстанда мал соючу жайлары жок райондорго жана шаарларга жаңы 12 мал соючу жай салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ошентип, Ветеринардык кызматтын реестрине жалпы 101 мал союучу жай катталды. Анын ичинен: 10 – чоң стандартагы мал союучу жай; 64 – чакан мал союучу жай; 27 […]Читать далее
Мурдагы “Нарын эт комбинаты” ишканасынын 114 млн сомдон ашык 4 гектар жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК мурда жеке менчикке өтүп, өлкө мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен сатылып кеткен мамлекеттик кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда. Алсак, УКМКнын тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында мурдагы мамлекеттик “Нарын эт комбинаты” […]Читать далее
«Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясы Бишкек-Талас-Бишкек багыты боюнча биринчи каттам аткарды
«Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясы Бишкек-Талас-Бишкек багыты боюнча биринчи каттам аткарды. Бул тууралуу “Манас Эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы маалымдады. Билеттердин баалары 2200 сомдон башталып, учуу убактысы – 45 мүнөт түзөт. Бул багыттагы аба каттамдарын жандандыруу биздин биргелешкен аракетибиздин жана Кыргызстандын Президентинин колдоосунун аркасында мүмкүн болду. 1984-жылы ачылган «Талас» аэропорту өлкөнүн транспорттук инфраструктурасында […]Читать далее
Ош облусунда селдин кесепетинен жабыркаган турак жай ээлерине кенемтелер берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, кенемтелер Ош шаарында жана Кара-Суу районунда июль айында жүргөн селдин кесепетинен жабыркаган турак жай ээлерине тапшырылды. Сел жүргөндө катталган 41 учурга жалпысынан 6 млн 632 миң сом төлөндү. Табигый кырсыкта 9 үй толугу менен жараксыз болуп […]Читать далее