Нарын облусунда айыл чарба кластерлерин, жеке ишкердикти өнүктүрүү, кайра иштетүү, өндүрүш ишканаларын колдоо багытында 2025-жыл үчүн облустук “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунан 450 миллион сом бөлүндү. Бул тууралүу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымады. Ишкердик ачам деген облус тургундары, айрыкча дыйкан, фермерлер долбоор жазып, 2 пайыз үстөк менен 10 жылдык […]Читать далее
Баткен облусу боюнча жалпы 2465 га алма бак бар. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Быйылкы алынган түшүм 17420,9 тоннаны түздү. Бүгүнкү күндө ички базарларда 1 кг алма 25-30 сомдон, жерге түшкөн майда алмалар 1,5-2 сомдон сатылууда. 2692 тонна алма, 1 кг 50 сомдун тегерегинде Россия, Казакстан […]Читать далее
Токмоктогу “Радиозавод” АТКсы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Токмок шаарында жайгашкан жалпы аянты 1 гектар жана болжолдуу баасы 3 млрд сомдон ашык “Радиозавод” АТКсы мамлекетке кайтарылды. Токмок шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 15-апрелиндеги № 201 токтому менен «Радиозавод» АТКнын административдик имараты Ы.А.К.га сатылып, бүгүнкү күнгө […]Читать далее
Таласта мыйзамсыз менчиктештирилген 845 млн 849 миң сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында “Э.А.Х” ЖЧКсынын автомектебине таандык аянты 5,5 га, базар баасы 845 млн 849 миң 503 сомдук жер тилкеси Талас шаарынын […]Читать далее
Баткенде арзан көмүр менен камсыздоо иши уланууда. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалы менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында 7-ноябрынан тартып аймакта арзандатылган баада көмүр ташыла баштады. Учурда Сүлүктү шаарынын кенчилеринен макулдашылган баада алынган 230 тонна көмүр 6 сомдон жашоочуларга сатылууда. 13-ноябрга карата маалыматтар боюнча, жергиликтүү калк өзүн 65,9% (64,3 миң тонна) […]Читать далее
Токмок шаарындагы “Темирбетон” ААК мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында мамлекеттин менчигине кайтарылган “Темирбетон” ААКтын болжолдуу баасы 5 млрд 855 млн сомду түзөт. “Темирбетон” ААКиын акцияларынын 40%ы мамлекетке таандык экендиги аныкталып, бирок, көрсөтүлгөн үлүш “В.П” акцияларынын негизги пакетинин ээсинин жалган жактарына мыйзамсыз берилген жана […]Читать далее
Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында мал кайтарууга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө ишинен натыйжа болбогондугуна байланыштуу активдүү фазадагы издөө токтотулду. Бүгүн, 13-ноябрда ӨКМ өкүлдөрү дайынсыз жарандардын ата-энеси менен жолугушуп, издөөнүн активдүү фазасы аяктаганын, бир жумада эки жолу издөө жүргүзүлүп турарын билдиришти. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Жумгалда 1979-жылы туулган К.Б. жана анын […]Читать далее
Ысык-Көл облусунда мурдагы “Электр-техникалык заводдун” имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында Каракол шаарында жайгашкан, жалпы пайдалуу аянты 4640,07 чарчы метр, ал эми жанаша жайгашкан 9970,90 чарчы метр жер тилкеси менен наркы 252 млн 407 миң сом болгон […]Читать далее
Нарын шаарында 375 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2022-жылы башталып, объекттин тендердик баасы 141 млн сомду түзгөн. Белгиленгендей, жаңы курулган мектеп 3 блоктон турат эки кабаттуу окуу корпус, спорт зал, өтмө галереясы бар. Ошондой эле долбоор […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында 9-ноябрдан тарта бардык мекеме-ишканаларга, мектеп, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көп кабаттуу үйлөргө жылуулук бериле баштады. Жалал-Абад жылуулук муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, шаардагы бардык отканалар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, керектүү деңгээлде көмүр жана мазут камдалган. Учурда борборлоштурулган жылытуу системасына туташтырылган бардык объектилерге жылуулук берилип жатат. Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 20 откана бар. Алар үчүн 1200 […]Читать далее