Жалал-Абадда базар куруп, стадион жана жолду оңдоо пландалууда. Сатып алуулар порталында маалымдалгандай, Жалал-Абад шаардык жолдор башкармалыгы Индустриальная (Абдырахманов) көчөсүнүн айланма жолдон Осмонов көчөсүнө чейинки бөлүгүн капиталдык оңдоого тендер жарыялады. Сметалык баасы 152 млн 800 миң сомду түздү. Ал эми Капиталдык курулуш департаменти Манас көчөсүндөгү Курманбек стадионун оңдоого 48 млн 294 миң 900 сомго тендер жарыялады. […]Читать далее
Көчмө мульти-диагностикалык комплекс Чүй облусунун Сокулук районунун тургундарын бекер медициналык кароодон өткөрөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Ведомстводон билдиришкендей, бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев комплекстин Сокулук районунун тургундарын кабыл алуу жана текшерүүгө даярдыгы менен таанышты. Мульти-диагностикалык комплекс болжол менен үч айга жакын иштеп, андан соң Нарын облусуна кетет. Диагностикалык комплекс акысыз медициналык текшерүүлөрдү, […]Читать далее
Бүгүн президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев Барскоон – Каракол автожолунда аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти. Белгилей кетсек, бул инфраструктуралык долбоордун ишке ашуусунун натыйжасында транспорттук каттамдардын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу камсыздалып, ошондой эле региондун экономикасын жана туристтик потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле облус жетекчиси Барскоон айылынын карьери […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында жүк ташуучу электр мотоциклдерин, жеңил жүк ташуучу унааларды, насосторду жана клапандарды чогултуучу завод куруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жолугушууга Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Кытайдын “Shaanxi Qing Ju New Energy Tech Co, Ltd.” жана “Shaanxi Zhichao Industrial Development Investment Management Co., Ltd”компанияларынын жетекчилери […]Читать далее
Кыргызстандын түштүгүндө жылытуу мезгили этап-этабы менен аяктоодо. Бул тууралуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын буйругуна ылайык, 15-17-18 март күндɵрү тɵмɵнкү филиалдарда жылуулук берүү токтотулду: -«Оштогу райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси» филиалынын 6 отканасы токтоду, калган 3 откана иштеп жатат; -«Жалал-Абаддагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк […]Читать далее
“Каракол” тоо лыжа базасына бара турчу унаа жолго асфальт төшөө пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, министр Тилек Текебаев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында тоо лыжа базасына бара турчу жолдун абалы менен жеринен таанышты. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен алдыда бул жолду оңдоп, асфальт төшөө пландалууда. Ошондой эле, […]Читать далее
Күн мурун Бишкек – Ош унаа жолунун кар көчкү түшүү кооптуулугу бар тилкелеринде артиллериялык эсепти колдонуу менен кар көчкүлөр мажбурлап түшүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, төмөнкү тилкелерди жумуштар жүргүзүлдү. Алар: 223-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) кар көчкү түшкөн эмес; 227-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) көлөмү 46910 м3 кар көчкү; 222-чакырымында (Ала-Бел тилкеси) 8820м3 жалпы көлөмү […]Читать далее
Бүгүн Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №65 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чже,БУУнун Өнүктурүү программасынын туруктуу өкүлү Александра Соловьева, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы, жергиликтүү бийлик жана тургундар […]Читать далее
Ош шаарына жаңы аймактар кошулуп, айрымдардын аталыштары өзгөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Тактап айтканда, КР Президенти Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыгына ылайык, Ош шаарынын курамына Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айыл өкмөттөрү жана Нариман, Папан, Шарк айыл өкмөттөрүнүн бир катар айылдары да кошулду. Мындан сырткары, эки муниципалдык […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айылында заманбап калкты тейлөө борбору (КТБ) ачылат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Тейлөө борборун үстүбүздөгү жылдын апрелинде ачуу пландалган. Имарат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өнүктүрүү фондунун каражатына курулган жана СӨМгө караштуу “Инфоком” мамлекеттик мекемесинин ыкчам башкаруусуна берилген. Имараттын аянты 407м2. Бүгүнкү күндө КТБнын […]Читать далее