Жалал-Абад облусунда жазгы талаа жумуштары кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы Өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Жалал-Абад облусу боюнча 2024-жылга болжолдуу айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап-себүү түзүмүнө 161 миң 300 гектар жер аянты пландалган. Азык түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында бул жылдын түшүмүнө 17 миң 104 гектар жер аянтына күздүк буудай айдалып, бүгүнкү күндө кылкандуу […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик менчикти Сузак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө токтомго кол койду. Документке ылайык, мындай чечим жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында кабыл алынган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине Жалал-Абад облусу, Сузак району, Сузак айылы, А.Юнусов көчөсү, 242/1 дареги боюнча жайгашкан, аянты 1,72 га жер […]Читать далее
Жалал-Абад шаарынын таштанды полигонунда таштандыларды иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу завод ишке кирет. Шаардык мэриядан билдиришкендей, учурда аталган заводдун курулуш иштери жүрүп жатат. Завод 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен 133 млн сомго курулууда. Заводдун курулушу ушул жылдын июль айында аяктайт. Анда Жалал-Абад шаарынан чыккан ар кандай таштандылар өз-өзүнчө иргелип, кайра […]Читать далее
Ош шаарында 23-марттан 24-мартка караган түнү жылуулук берүү токтотулуп, кышкы жылытуу мезгили аяктайт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кол койду. Жылуулук менен камсыз кылуучу мекемелерге кийинки жылуулук берүү мезгилине карата даярдык көрүү тапшырмасы берилди.Читать далее
«Талас» аймактык аэропорту ишке берүүгө толугу менен даяр, деп билдирет «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, бүгүн «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов иш-сапарынын алкагында «Талас» аэропортуна барып, жасалган иштерди текшерүүгө алды. «Талас» аэропортуна 2023-жылдын 15-июнунда капсула салынып, учуп-конуу тилкеси курулуп башталган. Ал эми бүгүнкү күндө аталган […]Читать далее
Баткенде бүгүнкү Нооруз майрамы чоң салтанат менен белгиленди, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы. Майрамдык иш-чара Баткен шаарынын борбордук стадионунда сүмөлөк ачуу аземи менен башталды. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, жергиликтүү жетекчилер жана тургундар сүмөлөк ачып, кыргыз элине тынчтык, аманчылык, өнүгүү каалап, бата кылышты. Андан соң жетекчилер […]Читать далее
Бүгүн 21-март күнү кечки саат 18:00 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 101-107 км бөлүгүнө кар көчкү түшүп, №26 ЖТИ тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат. Көчкүнүн көлөмү такталууда. Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунда көчкүлөр улам-улам түшүүдө. Ошол себептен коопсуздук үчүн унаа жолго чыкпай турууну сунуштайбыз. Каттам бар. Жол кызматкерлери көчкүлөрдү тынымсыз тазалоодо. Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен бул унаа […]Читать далее
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин демилгеси менен, облус аймагында “Бир мекеме-100 көчөт” өнөктүгү старт алды. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, ар бир облустук, райондук, шаардык мекеме-ишканалар , менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, сезон ичинде 100 көчөт отургузуусу абзел. Көчөт отургузууну уюштуруп, […]Читать далее
Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев Кемин районундагы жаңы стеланын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, стелла Бишкек – Чолпон-Ата трассасында орнотулат жана Кемин району менен Тоң районунун ортосундагы чек аранын символу болуп саналат. “Стелла алгач совет доорунда курулган, бирок убакыттын өтүшү менен айлана-чөйрөнүн эстетикалык көрүнүшүн бузуп, бузула баштаган. Ошондуктан, эски конструкцияны […]Читать далее
Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылына “Караван” аталышындагы аллея куруу пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда агенттиктин Жети-өгүз районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан курулуштун эскиздик долбоору иштелип чыкты. Белгиленгендей, аталган аллеяда кыргыздын улуттук зер буюмдарын (сувенир) жана башка кол эмгектерин сатуу үчүн жайлар каралган. Андан […]Читать далее