Өнөр жай ишканасынын курулушунан КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кабар алып, инвесторлор менен жолукту. Мунай иштетүүчү завод Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында курулуп жатат. Кыргыз-Түрк биргелешкен ишканасы пайдаланууга берилсе, өлкөнүн түштүгүндөгү муктаждыкты канааттандыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон, жогорку кирешелүү ишкана болот. Заводдун продукциясынын ассортименти АИ-92, АИ-95 бензини, дизелдик отун, битум, газ, автоунаа жана […]Читать далее
Баткенде кубаттуулугу күнүнө 1000 тонна болгон асфальт завод ишке берилет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн облус башчысы Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Зарташ айылындагы асфальт жана таш майдалоочу заводунун ишинен кабар алды. Бул ишкана Баткен облусундагы асфальт чыгарган жалгыз мамлекеттик ишкана болуп саналат. Ал Транспорт жана коммуникация министрлигине […]Читать далее
Баткен облусунда тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттер талкууланды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдык иш-аракеттери боюнча маалымат берүү жана түшүндүрүү кампаниясы жүрүүдө. Бул багытта Баткенде өткөн жыйынга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдык иш-аракеттерин ишке ашыруу боюнча […]Читать далее
Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында сел жүрүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-29-мартта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. ӨКМ жарандарга арыктарды, суу өткөрүү […]Читать далее
Нарында Президент берген каражатка алынган 44 техника айыл өкмөттөрүнө тапшырылды. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Нарын облусунда 27 айыл өкмөттүн ар бирине Президент тарабынан кызматтык автоунаалар жана 10 миллион сомдон өнүгүү үчүн каражат берилген. Бул каражатка 44 атайын жана айыл чарба техникалары сатып алынды. Ошондой эле айрым […]Читать далее
26-марттан тарта суучулдар Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо ишин башташты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары бир күндө Ысык-Көлдүн Түп булуңунан 4100 метр балык уулоочу тор чыгарышты. Суу астынан чыгарылган торлордун көбү жаңы экендигин көрүүгө болот. Бул мыйзамдын негизинде тыюу салынганына карабастан браконьерлик дагы да болсо уланып жатканын айгинелейт. Өткөн жылы суучулдар […]Читать далее
Баткен шаарында “Ыйман” илим жана маданий борбору медресеси каттоодон өтпөй иштеп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет. Медреседе 20дай жаш бала окуп жаткан. Бул факты Баткен ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Белгилей кетсек, Баткен шаарында “Нелегал” иш-чарасы жүргүзүлүп, анын алкагында медресе, мечиттер текшерилип, […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында 22 гектарды түзгөн заманбап базар курулат. Муниципалитеттен белгилешкендей, бул тууралуу күн мурун, 26-мартта президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун муниципалдык базардын соодагерлери менен болгон жолугушуусу учурунда белгилүү болду. Тактап айтканда, 22 гектар аянтты ээлеген учурдагы “Телтору” атмайданы базарга айландырылып, Жалал-Абад шаарындагы бардык базарлар бир […]Читать далее
Көзөмөл-өткөрүү пункттарынын айланасын иретке келтирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №46 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Ош-Баткен-Раззаков (75-192-чакырымдар аралыгы) унаа жолунун жээгинде жайгашкан мыйзамсыз объектилер алынып, башаламан соода күркөлөрү буздурулууда. Аталган иш-чаралар Президенттин 2023-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 56 “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги […]Читать далее
“Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгынын Мээркан айылындагы Ч.Түлөбердиев атындагы №34 мектептин жаңы окуу корпусу курулууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн мэр Бакытбек Жетигенов курулуштун жүрүшүнөн кабар алган. Шаар башчысы куруучуларга бардык жумуштарды өз мөөнөтүндө, сапаттуу бүткөрүлүшү керектигин белгилеп, бир катар тийиштүү тапшырмаларды берди. Долбоорго ылайык, мектеп 225 орундуу болуп, […]Читать далее