Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында катуу шамал катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы. Шамал 30-март түнү саат 01:50дө катталып, ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге жеткен. Жеринде ӨКМдин кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
40 жылдык тарыхы бар Баткен районунун Кара-Булак айылындагы музей үчүн жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган айылда биздин замандын II-IV кылымдарына таандык “Мыктын Гөрү” көрүстөнү казылган. Анда мумияланган келиндин табыты табылган. Аймактагы табылгаларды сактоо максатында 40 жыл мурда “Мектеп музей” түзүлгөн. […]Читать далее
Бүгүн, 29-мартта Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Кытай инвесторлорун кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен жолугушууга айыл чарбасы, кайра иштетүү, кампалоо, курулуш, энергетика тармактарында ишмердүүлүк кылган жана кездеме, эмеректерди өндүргөн, пластикалык трубаларды чыгарган компаниялардын өкүлдөрү келип, ушул […]Читать далее
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Ысык-Көл облусунда “Өкмөттүк акселераторлор” программасын масштабдоо боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти. Иш-чарага райондук жана мамлекеттик администрациялардын, мэриялардын өкүлдөрү жана билим берүү жана илим, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, саламаттык сактоо министрлигинин жана мамлекеттик салык кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле турак […]Читать далее
Нарын облусунда келерди күз-кыш мезгилине даярдык иштери башталды, деп билдирет Кыргызстан улуттук электр тармагы (КУЭТ) ишканасынын маалымат кызматы. Күн мурун “КУЭТ” ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков “КУЭТ” ААКтын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасынын ишмердүүлүгү жана Нарын облусунун электр тармактар комплексинин келерки күз-кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшү менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө ал […]Читать далее
Кыргызстанда кыска мөөнөттүү бала бакчалар расмий ачыла баштады, деп билдирет Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы. Алгачкысы Чүй облусунун Москва районундагы “Спартак” жалпы орто билим берүү мектебинин базасында иштей баштады. Мында балдар үчүн 3 сааттык атайын программа каралган. Бакча эртең менен же түштөн кийин эки нөөмөттө келе турган 50 бала менен иштөөгө ылайыкталган. […]Читать далее
Чүй облусунда жер мунапысынын алкагында дачалардын көйгөйлөрүн чечүү иштери башталды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев дача кооперативдеринин башчылары менен жолугушуп, аймактагы жер мунапысынын жүрүшүн талкуулады. Иш-чарага район акимдеринин биринчи орун басарлары, облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчилери, ошондой эле Мамкаттоонун жана башка тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты. Кыргызстанда […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2023-2027-жылдар тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгы деп жарыяланган. Анын негизги мактасы, тоо экосистемасын коргоо, өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын туруктуулугун жогорулатуу болуп саналат. Бүгүн анын алкагында облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, район акимдери, шаар мэрлери, айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин төрагалары, район жана шаардык билим берүү бөлүмү, маданият, жаштар […]Читать далее
Бүгүн Ош шаардык прокуратурасында Ош шаарынын укук коргоо, фискалдык, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин коррупцияга каршы аракеттенүүсү боюнча координациялык кеңешинин жыйыны өттү. Жыйынга Ош шаарынын прокурору Малик Бектурганов, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, укук коргоо жана фискалдык органдардын жетекчилери катышып, коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана бөгөт коюу жолдорун […]Читать далее
Кадамжай районунун Алга айылынын тургуну, жеке ишкер Махаматали Темиров 22 гектар аянтка карлик көчөттөрүн отургузууда. Ал бул чоң аянттагы жерди өздөштүрүү үчүн 6 км аралыкка электр энергиясын тартып келген, 80 метр тереңдиктен суу чыгарган. Учурда суу сактагыч куруп жатат, алдыда жерди тамчылатып сугарууга өткөрүүнү пландоодо. Жерди өздөштүрүүгө кеткен негизги каражат ишкердин өздүк салымы болуп эсептелет, […]Читать далее