КР Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы өкүлчүлүгүнүн дареги өзгөрдү. ТИМден билдиришкендей, министрликтин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү эми Ош шаары, Резиденция району, 5-көчө, 4 дарегинде жайгашты. Телефон: +996 3222 5-01-04 (кабылдама);:+996 32 22 5-01-06 (консулдук суроолор боюнча); +996 3222 5-01-03.Читать далее
Караколдо көп тармактуу ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, курулушка капсула салуу аземине КР Президентинин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Түмөнбаев, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов, президенттин аймактагы өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев, Каракол шаарынын мэриясынын жетекчилиги жана шаарынын тургундары катышты. Жалпысынан 30,65 гектар аянтка 3 […]Читать далее
Кочкор районунда “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында 9 бала бакчада 3 сааттык билим берүү программасы ишке кирди. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Ачылышка КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу катышты. Учурда облус аймагында жалпы 145 бала бакчада 10 сааттык программа […]Читать далее
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) каржылык колдоосу менен Ош шаарында жаңы санитардык полигон курулуп, эски таштанды полигону рекультивацияланат. Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей,финансы министринин орун басары Руслан Татиков долбоорду ишке ашыруу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаев долбоордун алкагында “Ош-Тазалык” ишканасынын техникалык жана материалдык базасын чыңдоо боюнча аткарылган иштер […]Читать далее
Сузактагы Көк-Арт дарыясында суунун нугу көтөрүлдү. Натыйжада Жалал-Абад шаарына караштуу №10 дамбанын 150 метр аралыгын суу жеп, кооптуулук жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Жерине 15 техника тартылып, суунун нугун буруу иштери жүрүүдө. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Жарандык коргоо башчысы Абсаттар Сыргабаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров жана Сел жана суу […]Читать далее
КР Президентинин №56 Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерди) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө Жарлыгына ылайык, Манас районунда тийиштүү иштер жүрүп жатат. Алсак, Чоң-Капка постуна жакын жайгашкан мыйзамсыз курулуш объектилер, жолго чыгып кеткен мыйзамсыз тосмолор буздурулуп, чек ара […]Читать далее
«Ош» эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөрдү жана алардын жүгүн текшерүү үчүн ошондой эле жагымдуу шарттарды түзүү үчүн аэробекеттин имаратында реконструкциялоо иштери башталды. Ондоп-түзөө иштеринин 1-этабында жаңы технологиялык жабдууларды – автоматташтырылган каттоо эсептегичтерин жана жүктү жөндөөчү техникаларын жаңыртуу иштери жүргүзүлөт. Мындай иш-чараларга байланыштуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААК – «Ош» эл аралык аэропортунун жүргүнчүлөрүнөн учурдагы каттоо пункттарын […]Читать далее
Бүгүн, 16-апрелде Нарын шаарынын РТС аймагында 9 кабаттуу ипотекалык турак үйдун курулушу башталып, капсула салуу аземи болду. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Иш чарага КР Президентинин иш башкаруучусу К.Туманбаев, “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун жетекчиси А.Шыкмаматов, КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – […]Читать далее
Жалал-Абадда нөшөрлөгөн жаандан улам турак жайлардын короосун суу каптоодо. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда аймакта катуу жаан жаап, анын кесепетинен шаарда жайгашкан ички арыктарга сел суулары толуп, турак жайлардын короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн суу каптоодо деген кабар түшкөн. Жерине Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси Маматкулов баштаган […]Читать далее
Бишкек – Ош унаа жолунун 426-чакырымында тоо боорунан таштар түшүп, жол бир тараптуу жабык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жеринде кызматкерлер жана тиешелүү техникалар иштеп жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашуулар аркылуу жолго чыга турган айдоочуларды жанына керектүү шаймандарды алып жүрүү менен каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так […]Читать далее