Бүгүн, 30-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев тарабынан Ысык-Көл облусу боюнча 3 мектеп, 3 бала бакча жана Маданият үйүнүн онлайн ачылыш аземи болуп өттү. Алар: • Ак-Суу районунун Жергез айылындагы О.Элебесов атындагы 150 орундуу мектеп; • Жети-Өгүз районунун Жалгыз-Өрүк айылындагы А.Рысмендеев атындагы 225 орундуу мектеп; • Ысык-Көл районунун Григорьевка […]Читать далее
Бүгүн Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев тарабынан Ош облусу боюнча 16 социалдык объектинин ачылышы өттү. Мамкурулуштан билдиришкендей, социалдык объектилер Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында дин курулуп, пайдаланууга берилди. 16 объектинин ичинен төртөө мектеп, экөө бала бакча жана 20 үй-бүлөгө ылайыкташкан 10 турак үй. Алар: Алай районунун Кум-Шоро […]Читать далее
Күн мурун Ысык-Көл жана Тоң райондорунун селден жабыркаган жарандарына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен гуманитардык жардам жеткирилди. Гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунан алынып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ӨКМдин кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп берилди. Селден жабыркаган жалпы эки райондун тургундарына 21,95 тонна биринчи сорттогу ун, 4,390 тонна кумшекер, 4390 литр өсүмдүк […]Читать далее
Бүгүн, 29-августта саат 16:14тө Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 2,5 баллга жеткен. Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Тамга айылынан түштүккө карай 13 чакырым, Кажы-Сай айылынан түштүк-чыгышка карай 30 чакырым аралыкта жайгашкан. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор […]Читать далее
Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүнүн аппараты жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын административдик имаратынын курулушу башталды. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, имарат Жалал-Абад шаарындагы Байзаков көчөсүндө жайгашкан 7,6 гектар жер аянтын ээлеген мурдагы Жазаларды аткаруу кызматынын ордуна курулууда. Капсула салуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин өкүлү […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылындагы өнөр жай базасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган өнөр жай объекттерин жана жер участокторун мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ичке-Жергез айылында жайгашкан 700 чарчы метр аянты менен 1 га өлчөмүндөгү дан кампасы кайтарылды. […]Читать далее
Ош облусунун аймагында 2 мектеп жана 1 бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен: Ноокат районунун Караке айылындагы 150 орундуу Б.Абдиев атындагы мектеп; Кара-Суу районунун Ачы айылындагы 225 орундуу мектеп; Төлөйкөн айылындагы 60 орундуу бала бакча. Белгиленгендей, аталган билим берүү мекемелери […]Читать далее
Жайыл районунда 375 га жер тилкеси мамлекеттин балансына алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө “Дан” мамлекеттик ишканасына таандык Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында жайгашкан 375 га айыл чарба багытындагы жер 2005-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, андан ары жеке тараптарга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган. Аталган мыйзам […]Читать далее
Жалпысынан алганда Нарын облусу алдыдагы күз-кыш мезгилине 80 пайыз даяр. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев аймакка жумушчу сапары менен барган учурда билдириди. Министр биринчи Тогуз-Торо менен Жумгал райондук электр тармактарын тешкерип, андан кийин Нарын электр тармактар ишканасы, Ат-Башы, Тянь-Шан, Нарын, Ак-Талаа, Кочкор райондук электр тармактары жана Ат-Башы ГЭСинде аткарылып жаткан иштер, алдыдагы пландар […]Читать далее
Айтматов районунун Көк-Сай айылындагы 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоор боюнча имараттын жалпы аянты 1481 чарчы метрди түзөт. Эки кабаттуу жана бардык шарттары менен курулду. Курулуш-монтаждоо иштери “Ак-Ниет” ЖЧКсы тарабынан аткарылды.Читать далее