Эльчибек Джантаев Ош облусундагы кырдаал боюнча чукул штаб өткөрүп, өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чечими кабыл алынды. Бүгүн, облустагы кырдаалга байланыштуу КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев региондордо иш алып барып жаткан райондук мамлекеттик администрация башчыларына-акимдер жана Ош облустук Жарандык коргонуу кызматтарынын башчыларынын катышуусунда саат: 21:00 чукул жыйын уюштуруп, учурдагы кырдаалды талкуулады. […]Читать далее
Кыргызстандын түштүгүндө сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 22-23-апрелде күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. ӨКМ жарандарга селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону […]Читать далее
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык: саат 13:20да Кытай Эл Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусуна караштуу Алай районунун Нура айылында 2,5 баллга чейин (Нура айылынан 35 чакырым түндүк чыгышта, Ош шаарынан 155 чакырым түштүк чыгышта) сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар […]Читать далее
Алайда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кечээ, 20-апрелде саат 17:45тер чамасында жааган мөндүрдүн кесепетинен Ош облусунун Алай районунун Тилектеш айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылында 5 кокту-колоттон сел жүрүп, 34 турак үйдүн короосун каптаган. Анын ичинен 5 турак үйдүн жана мектептин жертөлөсүнө сел суусу кирген. Мындан сырткары, […]Читать далее
Ош облусунун бир катар айылдарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Бүгүн, 20-апрелде жаап өткөн жаандын кесепетинен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айыл аймагынын Чаеке айылында сел жүрдү. Жерине маалымат тактоо максатында Кара-Суу райондук ӨКБдан ыкчам топ жана Кара-Суу РМА башчысы чыгып кеткен. Ошондой эле Ош облусунун Алай районундагы Тилектеш айыл […]Читать далее
Чүй облусунун тургундары “улуттук тазалык күнүндө” 960 тоннадан ашык таштанды тазалашты. Бул тууралуу КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен апрелдин үчүнчү ишембиси өлкөнүн бардык аймактарында “улуттук тазалык күнү” деп жарыяланып, быйыл бул күн 20-апрелге туш келген. Чүй облусунун тургундарынын активдүүлүгү абдан жогору болуп, […]Читать далее
Бүгүн, 20-апрельде, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген «Тазалык күнүнүн» алкагында Ысык-Көл облусунда массалык ишембилик жалпы 2267,5 га аянтта өтүп жыйынтыгында болжол менен 2581,1 тонна таштанды чыгарылды, ишембиликке катышкан адамдардын саны 130 миң 667 түздү. Мындан сырткары «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында 125 миң 828 көчөт отургузулду. Бул иш-чарага окуучулар дагы активдүү катышып “Бир […]Читать далее
Нарында “Улуттук тазалык күнүнө” карата 14 миңге жакын көчөт отургузулду. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Бүгүн, 20-апрелде Нарын облусунун бардык аймактарында “Улуттук тазалык күнүнө” карата ишембиликтер уюштурулуп, айлана-чөйрөнү, жол жээктерин, каналдарды тазалоо, бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу, көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча массалык иштер алып барылды. Ишембиликтерге жалпы 10603 адам […]Читать далее
Бүгүн Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын аймагында 350 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган медициналык мекеме президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен курулууда. Белгилендей, долбоорду 2025-жылга бүтүрүү пландалууда. Капсула салуу иш-чарасына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлкан Молдобекова, Акылбек […]Читать далее
Жалал-Абад шаарынын Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгында эл аралык талаптарга жооп берген логистикалык борбор ачылды. Шаардык мэриядан билдиришкендей, ачылуу аземине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, ишкерлер жана жергиликтүү жашоочулар катышты. Логистикалык борборду жеке ишкер Түгөлбай Сейдалиев негиздеген. Ага АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID), Катардык ишкер колдоо көрсөткөн. Борбордо мөмө-жемиштерди […]Читать далее