Кыргызстандын аймагында 19-сентябрда саат 00:19да очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Тахталы тоолорунда, Көк-Бел айылынан 9 чакырым түштүк-чыгыш тарапта, Кетмен-Төбө айылынан 12 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан. Жердин силкинүүсү Көк-Бел, Кетмен-Төбө айылдарында 3 баллга чейин сезилди.Читать далее
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош – Ноокат жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Камчыбек Ташиев көпүрөлөрдүн жана жолдун курулушу буга чейин белгиленген мөөнөттө – 30-октябрга чейин бүтүшү керектигин эскертип, ошол эле учурда сапатка көңүл бурулушу зарлдыгын белгиледи. Эгер айтылган мөөнөттө бүтпөсө, чара көрүлөөрүн дагы бир […]Читать далее
2024-жылдын 18-сентябрында Миң-Булак айыл аймагына караштуу “Запин-2” участкасында дробилка заводу ачылып, пайдаланууга берилди. Ачылышка Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А.Сапаров, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Нарын райондук салык кызматынын башчысы Жумабек Мамыров, Нарын райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы К.Бейшебаев, Нарын райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы […]Читать далее
Базар-Коргон районундагы Аук айылында заманбап тегирмен ачылды. Аук айылында АРИСтин “Жергиликтүү коомчулукту колдоо долбооруна кошумча каржылоо” долбоорунун “Жашоо каражаттарын колдоо” подкомпонентинин каржылоосунан 9 381 09 сом гранттык каражаты жумшалган бул тегирмен райондун элинин буудайын тартып, жогорку, 1-2-сорттогу ундарды чыгарат. АРИС тарабынан: -30 тонна ун чыгаруучу тегирмен; -комбикорма чыгаруучу жабдуу; -Электрокара; -трансформатор; -күн панели […]Читать далее
Бүгүн, 18-сентябрда Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусуна кар жаады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, №9 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан атайын техниканын жардамы менен жолду тазалоо, тайгакка каршы кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Учурда күн ачылууда. Каттам үчүн тоскоолдук жок. Жеринде нөөмөт бар. Алар атайын техника менен камсыздалган.Читать далее
Токмок шаарындагы бала бакчанын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында 2004-жылы “КР бизнес-инкубаторлор жана инновациялык борборлор союзу” тарабынан менчиктештирилип кеткен Токмок шаарынын 3-кичи району, №18 дарегинде жайгашкан бала бакча мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Тактап айтканда, аянты 1 140 чарчы метрди түзгөн бала бакчанын имаратынын […]Читать далее
Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирип, атайын аппараттар жол эрежесин бузуу фактыларын автоматтык түрдө сүрөткө, видеого тартып алып, айып пул салынат. Кесилиштерге орнотулган камера бузуунун төмөнкү түрлөрү боюнча аныктайт: ➦ Ылдамдыкты ашырууда; ➦ Маршруттук унаалар жүрүүчү тилкеге жеңил унаа кирген учурда; ➦ Каршы жол тилкесине чыгууда; ➦ Коопсуздук курун тагынбаганда; ➦ Жөө […]Читать далее
Баткен облусунда жалпы ишембиликке 23миңге жакын адам катышты. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Улуттук тазалык күнүнө карата уюштурулган ишембиликке облус аймагындагы мекеме ишканалардын кызматкерлери,катардагы жарандар чыгып, көчө бойлору, эс алуу жана коомдук жайлар таштандылардан тазаланды. Ишембиликке 23миңге жакын адам катышып, 900гектар аянттан 600тоннага жакын таштанды […]Читать далее
Бүгүн, 14-сентябрда Талас шаарында массалык ишембилик өттү. Шаардык мэриядан билдиришкендей, ишембиликтин алкагында шаар аймагынын санитардык абалы жакшыртылып, унаа жол жээктери, парктар, скверлер, токой ичи, калк көп эс алуучу жайлар катуу тиричилик таштандылардан тазаланып, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Буга кошумча административдик имараттардын, турак жайлардын фасадын архитектуралык-эстетикалык талаптарга келтирүү, көрнөк-жарнактарды жаңыртып, актап-сырдоо, ирригациялык суу өткөрмө түтүктөрдү тазалоо […]Читать далее
Бүгүн, 14-сентябрда Улуттук тазалык күнүнө карата Нарын облусунун бардык аймактарында ишембиликтер өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, ишембиликтерге менчигинин түрүнө карабай бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери жигердүү катышууда. Ишембиликтин алкагында облустун аймагындагы коомдук жайлар, жолдун жээктери, туристтик жайлар таштандылардан тазаланып, ирээтке келтирилүүдө. Нарын облусунун башчсысынын биринчи орун басары Адыл Сапаров баштаган өкүлчүлүктүн […]Читать далее