Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан мамлекеттик мүлк жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 381,74 га жер аянты мамлекетке кайтарылды. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, текшерүүдө Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 1998-жылдагы токтомунун негизинде Ноокат районунун Найман айылдык аймагында (учурда Көк-Жар) жайгашкан Улуу-Тоо кенине караштуу жерин пайдалуу кен-байлыктары (сымап) менен бирге, менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарын […]Читать далее
Чүйдө 12 жыл мурун курулуп башталган мектеп быйыл бүткөрүлөт. Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы курулуп жаткан 750 орундуу мектепти текшерди. Объекттин курулуш иштери 2012-жылы башталып, 2019-жылдан бери токтоп турган. Бүгүнкү күндө инженердик коммуникацияларын текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин, курулуш иштери жандынып уланууда. Буга чейин дубалы тургузулуп, терезелери […]Читать далее
Жалал-Абад облусунда нефтини кайра иштетүүчү завод курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, инвесторлор жаңы заводду курууга 400 млн доллар инвестиция салууда. “Жалал-Абадда нефтини кайра иштетүүчү чакан завод бар эле. Ошол жерге 400 млн долларга инвесторлор завод курганы жатат. Бул сумма дээрлик жарым миллиард долларга жетет. […]Читать далее
Жакында “Нарын” аэропортунун ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн “Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жумушчу комиссиянын курамында аэропорттун расмий ачылышына даярдыгын текшерип барды. Иш-сапарда инфраструктурага, учуп-конуу тилкесинин абалына жана коопсуздук системаларына баа берилип, эл аралык стандарттарга ылайыктуулугуна өзгөчө көңүл бурулду. “Бул аэропорт алыскы […]Читать далее
“Каракол” мамлекеттик жаратылыш паркындагы жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан “Каракол” мамлекеттик жаратылыш паркынын жеке пайдаланууга мыйзамсыз чыгарылган жерлерин жана участокторун мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында улуттук парктын 120 гектардан ашык аянты кайтарылды. Маалым болгондой, 2014-жылы “Каракол” мамлекеттик жаратылыш паркынын конкурстук комиссиясы тарабынан 49 жылдык мөөнөткө […]Читать далее
Сокулук районундагы “Эдельвейс” балдар эс алуу лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Сокулук районунун Төш-Булак айылында жайгашкан, жалпы аянты 5,20 га жана аянты 493,8 чарчы метр ар кандай курулуштары бар “Эдельвейс” балдар ден соолукту чыңдоо лагери мамлекеттин балансына кайтарылды. Маалым болгондой, 2004-жылы аталган лагерди жеке […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) туризм боюнча министрлер кеңешинин 9-жыйыны өттү. Анда 2025-жылы Жалал-Абад шаары түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыялоо чечими кабыл алынды. Жыйынга Өзбекстан, Азербейжан, Түркия, Венгрия, Казакстан (онлайн) өлкөлөрүнүн туризм боюнча министрлери жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев катышты. Туризм боюнча министрлер кеңешинин […]Читать далее
Аламүдүн районундагы “Кызыл-Белес” тоо лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында буга чейин Аламүдүн районунун мамлекеттик мүлктү башкаруу жана жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жалпы аянты 10 га болгон тоо лыжа базасы жана жайыт жерлери жеке менчикке өткөрүлүп берилип, кийин үчүнчү жактарга кайра […]Читать далее
Ноокат шаарында 48 батирлүү үй мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы маалымдады. Ош областынын прокуратурасы тарабынан соттук актылардын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Ноокат шаарында 48 батирлүү үй 0.48 га жер тилкеси менен биргеликте Ноокат шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз жеке тарапка сатылып кеткендиги аныкталып, сот органдарына доо арыз келтирилген. […]Читать далее
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жалпы аянты 3,61 га жер тилкеси, жалпы сметалык баасы 681 миллион сомдон ашык болгон имараттары менен кайтарылды. УКМКнын маалыматына ылайык, «Кылмыштардын бириктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун электрондук маалыматтык журналына катталган тергөө материалдарынын алкагында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчик балансына болжолдуу наркы 681 млн.сомдон ашкан курулуштары менен, […]Читать далее