Бүгүн Ош шаарында “Акылман” мектепке чейинки билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалымдалгандай, бала бакчанын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, атайын кызматтын өздүк курамы, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана УКМКнын ардагерлери катышты. Жаңы бала бакча УКМК жана Чек ара кызматынын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин […]Читать далее
Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондун мыйзам бузуу менен берилип кеткен жер тилкеси кайтарылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, министрликтин Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы жер тилкелерди кайтаруу максатында Ош облустук административдик сотуна Ош мэриясынын 2009-жылдын 8-июнундагы №712 сандуу токтомун жараксыз деп табуу жөнүндө административдик доо арыз менен […]Читать далее
Нарын электр тармактар ишканасы 35 киловольт жана андан жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары менен көмөк чордондорду кышкы мезгилге даярдоо боюнча ремонт иштерин ушул айдын аягында толугу менен аяктайт. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, аймакта электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн арттыруу максатында бир катар көлөмдүү иштер аткарылды: 35 киловольттук подстанциялардагы ПСНди жаңы өчүргүчтөргө алмаштыруу; 35 киловольттук подстанциялардын күчтүк трансформаторлорун […]Читать далее
Ош шаарында үч эм төрөлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров эки кыз жана бир уулду жарык дүйнөгө алып келген Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочусу 32 жаштагы Чолпон Садирали кызынан кабар алды. Мэрдин орун басары эне-бала саламаттыгын сурагандан соң Ош шаарынын мэриясынын атынан сүйүнчү акчасын берди. […]Читать далее
Ноокен районунун Шамалды-Сай шаарында көмүр брикеттөөчү завод ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин өкүлү Тилек Текебаев катышты. Завод толугу менен автоматташтырылган. Мында саатына 12 тоннадан 32 тоннага чейин көмүр брикетин чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Ишкана “Ак-Марал АРК” ЖЧК тарабынан ачылып, 20га жакын жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Облус […]Читать далее
Баткен облусунун аймагында 14-октябрда 25 объект ачылат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Имараттарды ачуу аземи Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурулган. Алсак, төмөнкү объекттер ишке киргизилет: Баткен Электр тармактар ишканасынын административдик имараты; Баткен шаарындагы 7 кызматтык турак үйлөр; Баткен шаарынын борбордук стадионундагы спорт зал; […]Читать далее
Баткенде аткезчилик менен ташылып келе жаткан 2 тоннага жакын жүзүм аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. “Баткен” бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Чек ара кызматкерлери менен биргеликте бажы мыйзамын бузуу фактысын аныкташты. Баткен районунун Чон-Талаа айылында КР жарандары Г.М.М. жана М.С.М.нын башкаруусунда 2 автоунаа каражаты токтотулуп, текшерүүгө […]Читать далее
Жалал-Абаддагы муктаж болгон 2 миң 60 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамы көрсөтүлдү. Бул тууралуу КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, кайрымдуулук иш-чарасы “Ыйман” фонду Король Салман гуманитардык жардам борбору менен түзүлгөн келишимге ылайык, “Кыргыз Республикасындагы муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн азык-түлүк жардамы 2024” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам тапшыруу иш-чарасына президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн […]Читать далее
Ош шаарынын күнүнө карата майрамдык иш-чара чоң программадагы концерт менен жыйынтыкталды. Майрамдык концерт саат 19:00дө башталып, ага 20 миңге жакын шаар тургундары жана коноктору күбө болушту. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаар күнү менен жалпы келген конокторду, шаар тургундарын майрам менен куттуктады. Гала-концертте Өзбекстандын белгилүү ырчысы Озода Нурсаидова, Керим Турапов, Гулжигит Сатыбеков, Эрлан Андашев, Нурлан […]Читать далее
Ысык-Көл районунун Темир айылында селден жабыркагандарга үйлөр курула баштады. Бул Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ыоайык, министрлер кабинетинин тапшырмасы менен Ысык-Көл районунун Тамчы айылына Мамкурулуш тарабанынан Royalsafa уюмунун демөөрчүлүгү менен 5 турак үйдүн курулушу башталды. Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында 2024-жылдын август айында селден жабыркаган Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл […]Читать далее